Иллюстрация: Анна Коваль

Инстаграмдын колдонуучусу 19 жаштагы баланы зордуктоого айыптап пост чыгарды. Шектүү делген жигит айыпты четке кагып, соцтармактагы билдирүүнү «каралоо» деп атады. Тараптар окуя боюнча өз версиясын жарыялагандан көп өтпөй, интернет колдонуучулар «зордуктоого кыз өзү күнөөлүү» деген комментарийлерди жазышты.

Албетте, окуяга тиешелүү органдар чекит коёт, а биз каргаша үчүн күнөөнү жабырлануучуга оодарган виктимблейминг эмне үчүн коркунучтуу деген суроого жооп издедик.

Эмне болду?

Октябрдын аягында Бишкектин тургуну курбусу зордуктоого кабылганын, милицияга арыз жазылганына карабай шектүү эркиндикте жүргөнүн айтып чыкты. Аны менен катар күч органдары ишти жабууга аракет кылып жатканын белгиледи.

«Ушундай оор берене менен анын [баланын] тагдырын талкалап жатканын айтып курбума психикалык басым жасашууда. Курбумдун бир кызы бар. [Милиция кызматкери] “кыздыгың жок” дегенсип, “акчаны алгын дагы унутуп кой, бир жолкудан эч нерсе болбойт, эмнеңди жоготуп жаттың эле?” деп жатышат», — деп жазган ал.

Ал арада зордуктоого айыпталган улан соцтармактар аркылуу кайрылып, жабырлануучу менен жыныстык катнашка барганын тастыктап, «баары эки тараптын макулдугу менен болгон» деп айткан.

Милициядан факт каттоого алынып, тиешелүү органдар иликтеп жатат деп маалымдашты.

Окуя соцтармакта кызуу талкууланып, зордуктоого кабылганын айткан кызды «жаш баланы азгырды», «подстава, акча өндүргөнү жатат», «өзү күнөөлүү» деген комментарийлер жазылууда. Мындан улам «виктимблейминг» темасы кайрадан калкып чыкты.

Фейсбуктан скриншот. 
Фейсбуктан скриншот. 

«Виктимблейминг — зөөкүрдү актоо»

Дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 2021-жылы Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Аталган индексте 170 өлкөдөгү аялдардын абалы камтылган.

Аялдар үчүн эң кооптуу өлкөлөр Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак экени айтылып келет.

2022-жылдын апрелинде болсо БУУнун Адам укуктары боюнча жумушчу тобунун Кыргызстандагы аялдардын жана кыздардын абалы тууралуу баяндамасында өлкөдө сексуалдык зомбулукка кабылган аялдардын укук коргоо органдарына кайрылуу деңгээли абдан төмөн экенин белгилешкен.

«Шанс» кризистик борборунун адистери бул тенденцияны зордукталгандар айыпталуучунун туугандары, ал тургай укук коргоо органдары тарабынан «өтө катуу басымга» дуушар болуусу менен түшүндүргөн.

«Биринчиден, аялга укук коргоо органдары ишенбейт, шексинген мамиле жасашат. Башкача айтканда, виктимизацияга кабылат. Тергөөчүлөр: “Ал жерде эмне кылып жүргөн? Эмнеге бейтааныш жигит менен жолуккан? Кандай кийим кийип жүргөн?” — деген суроолорду бере баштайт», — дейт алар.

Кылмыш, зомбулук, каргашалуу окуя үчүн күнөөнү жабыркаган тарапка оодаруу — виктимблейминг деп аталат. Виктимблеймингдин негизин жабырлануучу башынан өткөн окуяга өзү татыктуу деген идея түзөт.

Социолог, фемактивист Нурзада Садырбекова кыргыз коомундагы зордуктоо үчүн кыз-келиндерди күнөөлөөгөн көрүнүш виктимблеймингдин ачык мисалы дейт.

«Биздин коомдо аял үйдө отуруп, үй оокаты менен гана алек болуп, эч жакка чыкпаса, оюн-зооктон алыс болсо гана жагат. Аял эс алганга, көңүл ачканга кызыкдар болсо, бир жакка барып кайгылуу окуяларга кабылса: “Өзүң күнөөлүсүң, жүрүм-турумуң менен ошого жеткирдиң” дешет. Чынында зомбулук зөөкүргө гана ыңгайлуу жерде болот. Бир дагы фактор “ошондой жерде” зордуктоо болот деген көрсөткүч эмес», — дейт ал.


Зомбулук зөөкүргө гана ыңгайлуу жерде болот. Бир дагы фактор “ошондой жерде” зордуктоо болот деген көрсөткүч эмес»


«Аялдын денеси өзүнө таандык»

2018-жылы Токмокто зордук-зомбулуктан жабыркагандарга арналган What Were You Wearing? (Сен кандай кийинип жүрдүң эле?) деген аталышта көргөзмө өткөн. Анда сексуалдык зомбулукту башынан кечирген ар кыл курактагы, ар башка статустагы 13 аялдын кийими экспонат катары коюлган.

Фото: Айсулуу Жолдошева. 

Автор көргөзмө аркылуу зордуктоого аялдын же кыздын кыска шымы, кыска юбкасы же көйнөгүнүн терең кесилген жакасы себеп болот деген калыптанган ойду (стереотипти) жокко чыгаргысы келген.

Андагы көргөзмөгө кадимки эле футболка, жинсы, жоолук, халат жана башка ушундай эле кийимдерди кийип жүрүп зордукталган кыздардын жана аялдардын кийими коюлган.

Фемактивист Садырбекова зомбулук көргөн аялдарга «кыска көйнөк кийип жүргөн», «кеч курун көчөгө чыккан» деген сөздөрдү айтуу менен коомчулук зомбулукту нормалдаштырып жатат деп эскертет.

«Аял кооз, ачык кийимди эркекке жагынайын деп кийбейт. Өзүн караган аял өзүнө өзү жаккысы келет, өзүн өзү сүйөт. Стереотиптердин негизинде: кыска кийип клубка келсе, демек бул бир эркек менен көңүл ачуу үчүн келди деп жаңылыш түшүнүшөт. Ал балким стресстен арылып, бийлеп эс алганы келгендир. Анан калса, мектеп курагындагы, наристе кыздарды зордуктап жатышат. Секелек кыз кантип эркекке жагынам деп кийинсин?» — дейт активист.


«Аял кооз, ачык кийимди эркекке жагынайын деп кийбейт. Өзүн караган аял өзүнө өзү жаккысы келет, өзүн өзү сүйөт.


Патриархалдык коомдо аялдын денеси дагы коомчулукка таандык болуп калган көрүнүш кездешет. Зордукка кабылганын айтып чыккан кызга керек болсо милиция кызматкерлерин «мурда турмушка чыккан», «ансыз деле кыз эмес да», «бир жолкудан эчтеке болбойт» деп айтканы коомдун дагы бир оорусу.

«Зордуктоону башынан кечиргендерге “эми эч нерсе болбойт” деген, “сенин денең ансыз деле коомго таандык” дегенди билдирет. Бул жерде “макулдуулук концепциясы”, “макулдуулук маданияты” деген чоң маселе бар. Башкача айтканда, адамдар “жок, каалабайм” дегенди, баш тартууну кабыл алышпайт», — дейт Нурзада Садырбекова.

Сonsent culture же болбосо макулдуулук маданияты — сексуалдык катнаштын бардык катышуучуларынын жигердүү макулдугун жайылткан позитивдүү кыймыл. Жигердүү макулдашуусу жок сексуалдык мамиле зордуктоо же зомбулуктун башка бир түрү катары саналат.

Макулдуулук маданиятын калыптандырууну Нурзада Садырбекова бала тарбиялоонун мисалында түшүндүрдү.

«Мисалы, балдарыбыз кичинесинде тамак жебейм же бул мага жакпайт десе деле зордоп, күчтөп жедиребиз. Бала да ошого көнүп, норма катары кабылдап баштайт. Кийин сени менен мамиле курбайм десе деле “жок, кыласың” деп күчкө салуу башталат. Биз башка бирөөнүн чек арасын сыйлоону үйрөнө элекпиз», — дейт активист.

«Коомчулук зөөкүрдү жектеши керек»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баалоосуна караганда, дүйнө жүзүндө ар бир төртүнчү аял өз өмүрүндө физикалык жана / же сексуалдык зомбулукту башынан кечирген.

Кыргызстанда кыздарды уурдап, зордуктап, өлтүрүп дагы кетишет. Эң өкүнүчтүүсү зордукчулар көбүнчө жазасыз калышат.

Өлкөдө зордук-зомбулук үчүн жазаны күчөтүү, жашы жете электерди зордуктагандарга химиялык кастрация киргизүү тууралуу сунуштар байма-бай көтөрүлүп келет.

Анткен менен, зордуктоого айыпталгандарды актап, сот залынан бошотуп же шарттуу кескен учурлар дагы аз эмес. Ал эми зордуктоо иштери боюнча сот иштери жылдап созулуп, акырына чыкпайт.

Нурзада Садырбекова виктимблейминг болгон жерде зөөкүр «мени актап жатышат, демек меники туура, дагы зордуктасам болот» деген ойго келет деп эсептейт. Ал эми бир жолу мындай кадамга барган киши, сөзсүз ал адатын кайталайт. Андыктан зөөкүрдүн мыйзам алкагында жазаланышы, өзгөчө аны курчаган чөйрөнүн уяткарышы зор мааниге ээ.

Cancel culture же жокко чыгаруу маданияты — укуктук, социалдык, этикалык бузуулары үчүн адамды эл алдында уяткаруу аркылуу жазалоо.

«Зордук зомбулуктан арылабыз, ийгиликтүү күрөшөбүз десек биринчи кезекте: зөөкүр ким болбосун, каякта болбосун зордуктаганга акысы жок, алар эң катаал жазага татыктуу деген түшүнүк менен жашашыбыз керек. Коомчулук зөөкүрлөрдү жектеп: жумушка албай, тойлорго чакырбай, катташты үзүп, өзүн сыйлаган адам алар менен саламдашпай, социалдык карым-катышты токтотушу зарыл», — деп баса белгилейт ал.


Коомчулук зөөкүрлөрдү жектеп: жумушка албай, тойлорго чакырбай, катташты үзүп, өзүн сыйлаган адам алар менен саламдашпай, социалдык карым-катышты токтотушу зарыл.


Виктимблеймингди коом өзү пайда кылат. Демек аны түп-тамырынан жок кылуу дагы коомдун колунда. Зомбулуктун кайсы түрү болбосун нормага айланбашы керек. Ал эми зордуктоо үчүн бир гана зөөкүр күнөөлүү.