ИИМ: Кыргызстанда жашы жете электерге карата кылмыштардын саны өсүүдө

29-июлда Ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИМдин коллегиясында жашы жете электерге карата кылмыштардын өсүшү тууралуу билдирди.

Министр кесиптештеринен үй-бүлөлүк зомбулуктун, ала качуунун, зордуктоонун, коомдук жайлардагы бейбаштыктардын, жашы жете электерге байланышкан башка кылмыштардын алдын алуу боюнча иш-чараларын күчөтүүнү жана бул тапшырмаларды кынтыксыз аткарууну талап кылды.

Өзүнүн сөзүндө Ниязбеков ошондой эле ИИМдин бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтерге да токтолду.

«Алардын айрымдары интернет, социалдык тармактарда талкууланып, коомчулук арасында туура эмес ой-пикирлерди жаратууга түрткү берди. Анын ичинде, милициянын ар-намысына шек келтирген окуялардан баштап, кызматкерлердин жосунсуз жоруктары боюнча жагымсыз макалалар чагылдырылды. Жүктөлгөн милдеттерди так аткарбай шалаакылык көрсөткөн, мыйзамдын талаптарын эле эмес, түздөн-түз жооптуу болгон ишин жөндөй албаган жетекчилер да болду», — деди Ниязбеков.

Балдарга карата зордук-зомбулук

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова кабарлаган.

Анын айтымында, аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Ошол эле учурда балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын саны жыл сайын өсүүдө. Көбүнесе иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдарга карата зордук-зомбулук туугандар тарабынан жасалшат. Жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү арыз жазууну чечишсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.

Милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталууда

13 жашар кыздын зордукталышы тууралуу үстүбүздөгү жылдын июль айында белгилүү болгон. Бул иш боюнча Бишкекте сот иши башталган.

Учурда эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарында иштеген кароолчу жоопко тартылышы мүмкүн. Ошондой эле окуучу кызды зордуктоого шектелген официантка карата козголгон ишти териштирүү да аяктап калган. Иштин материалдары сотко өткөрүлгөн. Кыздын жакындары шектелип жаткан милиция кызматкерлери жоопкерчиликтен кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулашууда.

Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин токтогон эмес.

5-июлда өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу маалыматтар тараган шартта ИИМдин имаратынын алдында кыздар жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг өткөн. Акциянын катышуучулары аялдардын укугун коргоону, ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

Ал эми депутат Дастан Бекешев ички иштер министри «ушул сыяктуу жапайычылык окуялардан жыйынтык чыгарбай, ишин кадимкидей эле улантып жатканын» билдирген. Министрликтен болсо депутатка мекеме көрүп жаткан чараларга карабастан өлкөдө аялдарга карата зомбулук фактылары көп экенин айтып жооп беришкен.