Кызды зордуктоого шектелген офицерлердин иши тараптар элдешкендиктен кыскартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-октябрда кызды зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкеринин бирине карата козголгон кылмыш ишин кыскартты. Маалыматты «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Жабырлануучу жеке-коомдук айыптоодон баш тарткандыктан шектүүгө карата иш кыскартылды. Шектүүнүн баш коргоо чарасы токтом мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин эч жакка кетпөө тууралуу тил катына өзгөртүлдү», — деп билдиришти соттон экинчи аскер боюнча иш түшпөгөнүн кошумчалап.

Ал эми Аскер прокуратурасынан «Клоопко» экинчи офицерге карата ишти тергөө кыскартканын билдиришти.

Зордуктоого шектелип кармалган Улуттук гвардиянын аскерлери

Башкы прокуратура 12-сентябрда кызды зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын эки аскери кармалганын билдирген.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 5-сентябрында жабырлануучу кыз милицияга арыз менен кайрылган. Ал 5-сентябрга караган түнү саат 4:30 чамасында Сыдыков/Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде эки бала күч колдонуп, унаанын арткы отургучунда зордуктаганын айтып берген. Бул факт боюнча «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.Коргоо министри Бактыбек Бекболотов 13-сентябрда парламенттин профилдик комитетинин жыйынында кызды зордуктоого шектелгендер офицерлер — бири майор, бири капитан экенин айтып берген.

«Ошол жерден, отурган жеринен бир кыз өтүп баратып, же ошого түрткү берген, же дагы башка, айтор байланыш болуптур [...] Ал эми эртеси, эртең менен аскер бөлүккө тергөөчү, РИИБнен келип, ошол экөөнү зордуктадыңар деп айып тагышыптыр», — деген ал.

Эмне үчүн аялдар арыз жазуудан баш тартышат?

Укук коргоочулар жана кризистик борборлордун жетекчилери аялдар алсыз болгону үчүн зөөкүрлөрдүн үстүнөн арыз жазуудан баш тартышат деп түшүндүрүштү. Алар коомчулуктун жемелөөсүнөн (виктимблейминг), зөөкүрдүн коркутууларынан коркушат же милиция жардам береринен күмөн санашат.

«Ак-Жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова коомду тосмо арыз жазган аялдарды сынга алуудан мурда алардын жагдайын түшүнүүгө чакырат.

Аялдарга жана кыздарга карата зомбулук

2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Кыргызстанда аялдарды жана кыздарды уурдашат, зордукташат, ал тургай өлтүрүп да коюшат.

БУУнун Адам укуктары боюнча жумушчу тобунун адистери Кыргызстандагы аялдардын жана кыздардын абалы тууралуу отчёт беришкен. Алар өз отчётунда Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка кабылган аялдардын укук коргоо органдарына кайрылуу деңгээли дагы деле төмөн бойдон сакталып жатканын белгилешкен.

Сиз же сиздин жакындарыңыздар зордук-зомбулукка кабылган учурда кайрыла турган кризисттик борборлордун даректери жана телефондору:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек ш. Чүй проспектиси 207, 509-батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек ш. Табышалиев көчөсү 3, телефон: 0312512640;
  • «Энсан — Диамонд» Коомдук Уюму — Ош ш. Ленин көчөсү 205/105, телефондор: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу. Гүлчө айылы, Набережная көчөсү 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак журок» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • «Мээрбан» Кризистик Борбору коомдук уюму — Ош ш. Ленин 312/23, телефон: 0773843461;
  • «Тендеш» Кризистик Борбору Бейөкмөт уюму — Нарын ш. Кыргыз көчөсү 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» Коомдук фондунун астындагы «Маана» кризистик борбору — Талас ш. Тагайбаев көчөсү 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен ш. Сыдыков көчөсү 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад ш. Б.Осмонов көчөсү 113, телефон: 0372255084;
  • «Аялзат — аялдар демилгелерин колдоо» Коомдук уюму — Каракол ш. Абдрахманов көчөсү 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • Чолпон-Ата шаарындагы «Алтынай» кризистик борбору — 0709694550;
  • Каракол шаарындагы «Мээрман» кризистик борбору — 0706383637;
  • Каракол шаарындагы «Химая» аялдарга жардам көрсөтүү жана реабилитиция борбору — 0702223535 (түз линия), 0551733390.