Аскер прокуратурасы кызды зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын эки аскерин кармады

Аскер прокуратурасы кызды зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкерин кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 5-сентябрында жабырлануучу кыз милицияга арыз менен кайрылган. Ал 5-сентябрга караган түнү саат 4:30 чамасында Сыдык/Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде эки бала күч колдонуп, унаанын арткы отургучунда зордуктаганын айтып берген.

Көзөмөл органы «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

«Аскер прокуратурасы 2022-жылдын 11-сентябрында шектүүлөрдү кармады — алар Бишкек гарнизонунун Гауптвахтасына киргизилди. 12-сентябрда Биринчи май райондук сотунда шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы кабыл алынат», — деп билдиришти Аскер прокуратурасынан.

Зордуктоо тууралуу 2022-жылдын 9-сентябрында белгилүү болгон.

Биринчи май РИИБнен факт маалыматты каттоо журналына киргизилгенин билдиришкен. Ал жактан чогултулган материалдар тергөөгө чейинки териштирүү үчүн Аскер прокуратурасына өткөрүп берилерин белгилешкен болчу.

Аялдарга карата зомбулук

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча 2021-жылга карата глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Кыргызстанда кыздарды уурдап, зордукап, өлтүрүп да кетишет.

2022-жылдын апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча жумушчу тобунун адистери Кыргызстандагы аялдардын жана кыздардын абалы тууралуу баяндама жасашкан. Баяндамада БУУнун адистери Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка кабылган аялдардын укук коргоо органдарына кайрылуу деңгээли абдан төмөн экенин белгилешкен.

Эксперттер буга укук коргоо органдарынын жабыркагандарга карата кайдыгерлиги, адискөй тергөөчү аялдардын, ошондой эле окуудан өткөн судьялардын жоктугу себептигин белгилешкен.

Эгер сиз шеригиңиздин же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.