Министр Бекболотов: Зордуктоого шектелгендер Улуттук гвардиянын офицерлери

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов 13-сентябрда парламенттин профилдик комитетинин отурумунда Улуттук гвардиянын эки кызматкери шектелип жаткан зордуктоо боюнча ишке комментарий берди.

Анын айтымында, кызды зордуктоого шектелгендер офицерлер — бири майор, бири капитан.

«Ошол жерден, отурган жеринен бир кыз өтүп баратып, же ошого түрткү берген, же дагы башка, айтор байланыш болуптур [...] Анан эртеси, эми мындай, ал жерде зордуктоо, тиги-бу деген жок, экөөнө тең кезиктим. Ал эми эртеси, эртең менен аскер бөлүккө тергөөчү, РИИБнен келип, ошол экөө зордуктадыңар деп [айып тагышыптыр]…», — деди ал.

12-сентябрда Башкы прокуратура Улуттук гвардиянын эки кызматкери кыз зордуктоого шектелип кармалганын билдирген.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 5-сентябрында жабырлануучу кыз милицияга арыз менен кайрылган. Ал 5-сентябрга караган түнү саат 4:30 чамасында Сыдык/Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде эки бала күч колдонуп, унаанын арткы отургучунда зордуктаганын айтып берген.

Аталган факты боюнча «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.