Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Ала-Тоо24» каналына кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча парламент кол койгон келишимдер тууралуу оюн айтты.

Ташиев бардык документтер мыйзамга ылайык кабыл алынды деп эсептейт. Ал Кыргызстан «акыры өз картасын кеңейтип, Кемпир-Абад суусун көзөмөлгө ала алды» деген пикирин билдирди.

«Бардыгы мыйзам чегинде чечилди»

Ташиевдин 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча бардык келишимдер Конституциялык мыйзамдын жана Жогорку Кеңештин регламентинин негизинде кабыл алынды деп айтты. УКМКнын башчысы каршы болгон депутаттар жыйында бир дагы «түшүнүктүү суроо бере алышкан жок» деп билдирди.

«Ал эми кээ бир депутаттар чыгып “регамент бузулду, андай-мындай” деген сөздөрдү айтып атпайбы. Мунун бардыгы саясатка каршы сүйлөгөнү. Ар түрдү шылтоолорду айткан депутаттарыбыз ушул макулдашуу боюнча бир дагы сөз же суроо бере алышпады. “Биз бул жерине макул эмеспиз. Чечимдин бул жери туура эмес же кошумча-алымчабыз бар” деп айта алышкан жок», — деди ал.

             «Кыргызстандын жери кеңейди»

Ташиев маек берип жатып, коңшу өлкөгө Кыргызстан Кемир-Абад суу сактагычынын астында жаткан 4 миң 485 гектар жерди берип, анын ордуна Өзбекстандан 19 миң 700 гектар жер алганын баса белгиледи.

«Кыргызстандын картасы 19 миллион 994 миң 928 гектар жерди түзсө, кечээки биз кабыл алган чечим боюнча, 15 миң 572 гектар кошулгандан кийин биздин Кыргызстандын жери 20 миллион 10 миң 500 гектар болду. Ар бир документке 19 деп жазып келчү элек, “психологиялык тоскоолдуктан” өттүк. Биздин мамлекетибиз мындан ары 19 деп жазылбайт, эми 20 деп жазылат», — деди ал.

     «Оппозициядык кыймылдар элдин башын айлантышты»

Ташиев Кыргызстанда акыркы үч айда ар кандай оппозициялык кыймылдар, айрым саясатчылар «туура эмес маалымат таратып, элдин башын айлантып жатат» деп билдирди.

Ал мындай аракеттер болгонун үч ай ичинде «баардык маалыматты элге толук жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү болбогону» менен түшүндүрдү.

«Коомубузда ар түрдүү катмардагы адамдар бар. Ар түрдүү саясий уюмдар, оппозициялык кыймылдар бар. Ошолор акыркы үч айдан бери өтө туура эмес маалымат таратып, элдин башын айлантып, элге жалган маалыматтарды жеткизип турушту. Себеби, акыркы үч айдан, кол коюлгандан бери элге толук маалымат жеткирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Бул келишим биз үчүн өтө маанилүү, ыңгайлуу жана пайдалуу болгондуктан, эгерде мунун барын [келишимди] ачыктап таштасак бузулуп кетмек. Ошондуктан акыркы күнү, кечээ гана ачтык. Бардык картаны толук ачтык», — деди ал.

            Орто-Токой суу сактагычы жана Гавасай

Атайын кызматтын башчысы Орто-Токой суу сактагычы менен Гавасай аймагы Кыргызстанда калганын белгилеп, сууну кыргыз эли пайдаланат деп ишендирди. Ташиевдин айтымында, «аларды Өзбекстанга эч ким берген эмес».

«Орто-Токой суу сактагычынын платинасы дагы, жери дагы толук бойдон Кыргызстанда турат. Ага кошумча милдеттемелерди эч ким алган жок. Чемче-Булак боюнча, азыр Өзбекстан менен кандай пайдаланып келсек, ошол бойдон калды. Чечме-Булакты эч ким өткөзүп берген жок. Гавасай боюнча түшүнбөгөндөр “аны Өзбекстанга берипсиңер” деп айтап жатат. Алар Кыргызстанда калды, эч кимге берилген жок», — деди ал.

Мындан сырткары, Ташиев Гавасай тоолуу жана эң кооз жер экенин кошумчалады.

            Кемпир-Абадды эмнеге беришти?

Ташиев Кемпир-Абаддын жээгинде балык кармап чоңойгонун айтып, кээде «өзбек чек арачыларынан качып кетчүбүз» деп белгиледи. Ошондой эле, ал «Кыргызстан Кемпир-Абадды эч качан башкарган эмес» деп билдирди.

«Жазында дыйкандарыбызга суу бербей коюп, 10-15 күн суу күткөн күндөр болгон. Суу керек эмес маалда коё беришип, Жийде, Сузак айыл өкмөттөрүндөгү талааларды, элдин үйлөрүн суу каптап, канча кыйналып жүрүштү? Булар кааласа сууну бербей коёт, кааласа берет, кааласа көп берет, кааласа аз берет. Эми мындай болбойт. Кечээки кабыл алган чечимдин негизинде, Кемпир-Абад суу сактагычын биз башкарышабыз. Биз башкарууну көзөмөлдөйбүз. Сууну насостор менен суу жетпеген жерлерге тарттырып кетип иштетүүгө, мал жаюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деди Ташиев.

УКМКнын төрагасы кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди «экономикалык жактан пайдалуу алмашуу» деп атады.

«Кемпир-Абаддын жанындагы жерди бериш керек болчу. Жашоо ушундай. Мына сен кызыңды тарбиялап, мээримдүү, камкор, окутуп, бирок убагы келгенде турмушка бересиң. Жада калса эң сүйүктүү кызыңды да бересиң. Себеби, турмуштун чындыгы ушуга алып келет», — деди Ташиев.

             Өзбекстан келишимди аткарбасачы?

Ташиев Өзбекстан «келишим боюнча алган милдеттенмелерин бузбайт» деп ишендирди. Ал эгер коңшу өлкө келишимди аткарбай турган болсо, Кемир-Абадга келген сууларды «башка жакка бурушу мүмкүн» экенин айтты.

«Эртең өзбек тарап аткарбай койсо, эл аралык келишимдер бар. Эл аралык жоболор бар. Бирок ошолорго деле карабай, ошолорго деле көңүл бурбайаткарбай кетип аткан болсо анда биздин жарандарыбыз биздин башка дагы рычактарыбыз бар», — деди ал.

             Кыргыз-тажик чек арасы

Атайын кызматтын төрагасы мындан сырткары кыргыз-тажик чек ара маселесине токтолуп, бул маселени чечүүгө кайсы бир деңгээлде аракет кыла баштаганын айтты.

«Үч-төрт күн болду мен Тажикстандын борбору Душанбеге барып келдим. Эки тарап комиссия менен сүйлөшүп, бир пикирге келе баштадык. Кудай буюрса жакынкы күндөрү Тажикстандын чоң делегациясы бизге келет. Протоколго кол койдук. Эми координациялайбыз, анан келишимге кол коёбуз. Жогорку Кеңешке алып келебиз, талкуулайбыз, парламент ратификациялайт, президенттер кол коёт. Эки өлкөнүн көйгөйү чечилет», — деди УКМКнын башчысы.

            «Чагымчылдарга чара көрүлөт»

Ташиев «туура ишти бүлдүрөбүз, бар ишти жок кылабыз» деп «бийликти жаманатты кылган чагымчылдарга» чара көрүлөрүн эскертти.

«Эмне үчүн мурда төңкөрүштөр болгон? Анткени, өз убагында эч кандай чара көрүлгөн эмес. Мамлекетте стабилдүүлүк жок болчу. Эми мындай болбойт. Менин милдетим – өлкөдөгү стабилдүүлүктү, тынчтыкты жана мыйзамдуулукту сактоо», — деп Ташиев сөзүн жыйынтыктады.

Тема боюнча:

Кемпир-Абадды коргоо комитети: Кошоматчы депутаттар объекттин өтүшүн мыйзамдаштырды

Ташиев Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү өзүнө буйруганына сыймыктанарын билдирди