Ташиев Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү өзүнө буйруганына сыймыктанарын билдирди

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү «тагдырдын буйругу» менен өзүнө жүктөгөнүнө сыймыктанат. Бул тууралуу ал 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым учактоктору жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча парламенттин жыйынында айтты.

Талкууда, күндүн биринчи жарымында, Ташиев Кыргызстанда келишимди үзгүлтүккө учуратууну каалаган деструктивдүү күчтөр бар экенин айткан. Жыйындын экинчи бөлүгүндө деструктивдүү күчтөр депутаттардын да арасында бар экенин кошумчалаган. Ал депутаттарга кайрылып, жолу жок кесиптештерине көңүл буруп, сөздөрүнө алданбоону суранган.


«Биз мамлекетибиздин, элибиздин, журтубуздун кызыкчылыгын, эң стратегиялык мүнөздөгү маселени карап жана чечип жатабыз, элибиздин пайдасына. Бул бизде кайрадан сыймык болушу керек. Мен, менин тагдырыма буйруп, ушул күндө жүз жылдан бери чечилбей келген кыргыз-өзбек чек арасынын акыркы чекитин биз коюп жатканыбызга мен сыймыктанам. Ошондуктан силер дагы жакшылап колдоп бересиңер деген үмүттөмүн», — деди Ташиев.


Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара жаңжалдары СССР таркагандан кийин, тагыраагы, 30 жыл мурда башталган.

Тема боюнча:

Садыр Жапаров депутаттарды Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшү үчүн добуш берүүгө чакырды