Кемпир-Абадды коргоо комитети: Кошоматчы депутаттар объекттин өтүшүн мыйзамдаштырды

Кемпир-Абадды коргоо комитети 18-ноябрда ТИЗО-1ден кыргызстандыктарга кайрылды. Кат оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун Фейсбук барагында жарыяланды.

Комитеттин мүчөлөрү Кемпир-Абад суу сактагын берүүгө каршы добуш берген 18 депутатка ыраачылыгын билдиришти.

«Тилекке каршы бийлик, укук коргоо органдарын пайдаланып, Кемпир-Абадды Өзбекстанга берүүгө каршы болгон саясатчыларды, жарандык лидерлерди, журналисттерди камап, куугунтукка алып өз максаттарына жетишти. Тарыхыбыз мурда эле көргөзгөндөй коркок, кошоматчы көпчүлүк депутаттар [суу сактагычты өткөрүүнү] мыйзамдаштырып беришти. Депутат Адахан Мадумаров айткандай, депутаттарды добуш бердирүү үчүн бийлик укук коргоо органдарын дагы пайдаланды. Буга, ратификация маалында, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин депутаттарга басым жасап, коркутканы дагы далил», — деп жазышты алар.

Комитет Кемпир-Абадды Кыргызстанга алып калуунун дагы бир ыкмасы, Эл аралык сотко кайрылуу жолу калганын белгиледи.«Эл аралык сотко кайрылабыз. Акыркы эки жылда, биздин бийлик мурдагы жылдардан бир топ коррупциялашкан жана авторитардык экенин бардык эл аралык иликтөөчү, кадыр барктуу уюмдар тастыкташты. Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп берүүдө, биздин бийлик, авторитардык жана коррупциялык ыкмаларды пайдаланганын келечекте далилдейбиз», — дешти комитеттин мүчөлөрү.

Алар Кемпир-Абад суу сактагычы үчүн күрөштү улантышарын белгилешти.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда дароо үч окууда «Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди» жана «Кемпир-Абад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну» ратификациялоо тууралуу чуу жараткан мыйзамдардын долбоорун жактырган.

Үчүнчү окууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди 64 депутат колдоп, 19 депутат каршы добушун берген.Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын сууларын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну 65 депутат колдоп, 18 эл өкүлү каршы добуш берген.

Добуш берүүдө отурган депутаттардын жалпы саны 83тү түзгөн. 7 эл өкүлү ордунда жок болгон.

Талкуу президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн. Мыйзам долбоорлорун Камчыбек ташиев баяндап чыккан. Жогорку кызматты ээлеген эки чиновник тең депутаттарды документтерди мамлекет үчүн пайдалуу деп негиздеп колдоп берүүгө үндөшкөн.Депутаттардын айрымдары макулдашууга каршы чыгышкан. Оппозициячыл депутат Адахан Мадумаров кесиптештерин документтерди колдоп берүү үчүн мажбурлоо болгонун билдирген.

Эми документтер президенттин кол коюусуна жиберилип, кол коюлган алар мыйзамдуу күчүнө кирет.

Кемпир-Абад боюнча талаш-тартыштар

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бул макулдашуу өлкө үчүн утуштуу деп айтышууда.

Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар каршы чыгып жатышат. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер Кемпир-Абад Өзбекстанга өтсө, Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.

Келишимди ратификациядан өткөрүү жана талкуулоо процесси чуу менен коштолуп жатат — буга чейин депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин башчылыгынан алышкан. Ал келишимдин долбооруна каршы чыгып, комитеттин чечимине кол коюудан баш таркан. Муну ал депутаттардын колуна бардык документтер берилбегени менен түшүндүргөн.

Жалпылап айтканда талкууланып жаткан документтерге байланыштуу суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун өзүн да жана өлкөнүн эки ири шаары — Бишкек жана Ошто митинг жана курултайлар өткөн.

Ошондой эле бийлик массалык башаламандык уюштурууга айыптап дээрлик 30 адамды кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө өткөргөнү жатканы үчүн сындашкан.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп билдирген.

Тема боюнча окуңуз:

Мадумаров депутаттарды Кемпир-Абадды берүү маселесин колдоого мажбурлап жатышканын билдирди

«Эмне согуштан утулдук беле?» Президенттик кеңештин эксперти суу ресурстардын Өзбекстанга өтүшүн сынга алды