Айдоочу Чыңгыз Абдраевди атып өлтүргөн кайгуулчу 16 жылга кесилди

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 22-ноябрда айдоочу Чыңгыз Абдраевдин өлүмүнө байланыштуу иш боюнча өкүм чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Башкы айыпталуучу — Патрулдук милициянын кенже инспектору Жакутбек Дулатбек уулу — үч жылга чейин укук коргоо органдарында иштөө укугунан ажыратуу менен 16 жылга жалпы режимдеги колонияга кесилди.

Бул иш боюнча Патрулдук милициянын дагы үч мурдагы инспектору өтүп жаткан. Үчөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга күнөөлүү деп табылып, 7,5 жылга эркинен ажыратылды, бирок сот ар бирине 3 жылдан пробациялык көзөмөл мөөнөтүн дайындады. Пробациялык көзөмөл дайындалган киши эркиндигинен ажыратылбайт, бирок укук коргоо орган кызматкерлеринин көзөмөлүндө болот. Пробациялык көзөмөлдүн тартибин бузган учурда соттолгон адам түзөтүү абагына которулат.

Чыңгыз Абдраевдин тажиясы, Бишкек. Сүрөт: / АКИpress.

Абдраевдин патрулдук милициянын огунан каза табышы

2021-жылдын 27-августунда болжолдуу саат 21:30 чамасында Бишкектеги Жибек Жолу жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде патрулдук милициянын кенже инспектору табелдик тапанчасы менен унаанын айдоочусуна ок чыгарган. Айдоочу каза тапкан.

Алгач Бишкек ШИИБи патрулдук милициянын кызматкерлери каршы тилкеде келе жаткан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унааны токтотушканын, андан соң айдоочу милиционерлердин куралын тартып алууга аракет кылганын билдиришкен. Бирок эртеси күнү соцтүйүндөрдө маркум кол салбагы, эч кимдин куралын тартып алууга аракет кылбаганы көрүнүп туган видео пайда болгон.

Маркумдун достору видео кайрылуу жасап, Чыңгыз Абдыраев «инспекторлорго каршылык көрсөтпөгөнүн» жана «милиционердин куралын тартып алууга аракеттенбегенин» билдиришкен.

«Патрулдук милициянын төрт кызматкери болчу, алар ар бир [айдоочуну кармап кетүүгө күчү жеткен]. Биздин досубуз өтө деле чоң эмес, агрессия көрсөткөндөй машыгып жүргөн эмес. Эгерде кандайдыр бир олуттуу себептер болгондо алар төртөө аны жөн эле кармап кетишсе болмок. Табелдик тапанчаны колдонуп, аны өлтүрүүнүн кажети бар беле? Биз жол эрежелерди бузсак көргө жатып калышыбыз керекпи? Биз буга макул эмеспиз», — деп билдирген маркумдун досторунун бири.

Кийинчерээк борбор калаа милициясы ок аткан инспектордун «ок кокусунан атылганын, ал эми айдоочу чагым жасаган» деп айткан сөздөрү менен пресс-релиз тараткан. Маалыматта тез жардам бригадасы жабырлануучуга «биринчи жардам көрсөтүп, реанимациялык иш-чараларды жүргүзгөнү, бирок алган жараатынан улам эсине келбей каза болгону» да айтылган. Бирок күбөлөр айдоочу тез жардам келгенге чейин эле көз жумганын айтышкан.

ШИИБдин басма сөз кызматы үчүнчү пресс-релизди 28-август саат 10:00дө жарыяланган. Анда айдоочуга ок аткан инспектор кызматын аша чабууга шектелип кармалганы айтылган.