Бишкекте айдоочуну атып өлтүргөн патрулдук милиционерлер эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Чыңгыз Абдыраевди атып өлтүргөн патрулдук милиционерлер УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды.

Окуя кандай болгон?

Бишкек шаарынын Жибек-Жолу — Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде 27-августта патрулдук милициянын кызматкери 32 жаштагы Чыңгыз Абдыраевге ок чыгарып, ал ооруканага жетпей каза болгон.

Милициянын маалыматынын маалыматы боюнча, алгач патрулдук милициянын кызматкерлери каршы тилкеде келе жаткан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Ал эми жол эрежелерин бузуу тууралуу протокол түзүлүп жатканда айдоочу кетип калып, кийинчерээк кайра кайтып инспектор менен чырдаша кеткен. Ошол маалда инспектор куралын алып чыгып айдоочуну көкүрөк тарабына аткан.

Ошол эле күнү Бишкек ШИИББи «ок кокусунан атылганын, ал эми айдоочу чагым жасаган» деп билдирген.

Окуя болгон күнү кечинде маркумдун достору видео кайрылуу жасап, Чыңгыз Абдыраев «инспекторлорго каршылык көрсөтпөгөнүн» жана «милиционердин куралын тартып алууга аракеттенбегенин» билдиришкен. Ошондой эле алар маркумдун апасы жалгыз баласын жоготконун баса белгилешкен.

Кийинчээрек маркумдун сүйлөшкөн кызы дагы коомчулукка кайрылуу жасаган. Ал жигитин күнөөлөбөөнү суранган. Анын айтымында, окуя анын көз алдында болгон. Маркум менен инспектор жөн гана кайым айтыша кеткенден кийин милиция кызматкери ага ок чыгарганын айтып берген.

Жеринен кароо жүргүзүү учурунда мечиттин батыш тарабында унаа жүрүүчү бөлүгүндө, асфальттын бетинде бир даана гильза, кара күрөң түстөгү заттын издери жана кара күрөң түстөгү тампон табылган.

Аталган окуяны ИИМдин ички иликтөө кызматы териштирүүнү баштаганы кабарлаган. Бирок кийинчээрек бул ишти кароо милдети УКМКга өткөрүлүп берилген.