Орусияда кыргызстандык таксист өлтүрүлдү, иликтөө башталды

Сүрөт: Орусиянын Москва шаары боюнча тергөө комитети

Орусиянын Москва шаарында кыргызстандык мигранттын сөөгү табылды. Бул тууралуу 22-ноябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, 50 жаштагы кыргыз жараны такси кызматында иштеп жүргөн. Ал зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөнү аныкталып, шектүү кармалды.

Учурда Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Иш элчиликтин көзөмөлүндө экени белгиленди.