Коммерциялык эмес уюмдарды киши өлтүргүчкө теңейт. Жарандык коом Нарматованын мыйзамына каршы

Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрү депутат Надира Нарматованын Кылмыш жаза кодекси менен Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамдарга киргизүүнү сунуштаган өзгөртүүлөр басмырлоочу мүнөзгө ээ экенин айтып, мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну талап кылууда. Алар мыйзам долбоору демократиянын принциптерине каршы келет жана коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн кыйла чектейт деп эсептешет.

21-ноябрда коммерциялык уюмдарды кыртышы сүйбөгөн парламент депутаты Надира Нарматова алардын ишмердүүлүгүн кескин чектөөнү сунуштаган.Түзөтүүлөр кабыл алынса коммерциялык эмес уюмдарды Орусиядагыдай «чет элдик агент» макамы, текшерүүлөр, отчёттор жана кылмыш жоопкерчилиги күтөт.

«Чет элдик өкүлчүлүк» түшүнүгү тууралуу

Укук коргоочулардын пикиринде, Нарматованын түзөтүүлөрүн ылайык, «чет элдик өкүлдүн милдетин аткарган коммерциялык эмес уюмдардын» тизмесине «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген бардык уюмдар кирет. Ошол эле учурда, түзөтүүлөрдүн авторлору «саясий ишмердүүлүктү» «коомдук саясатка» түшүнүгү менен алмаштырып койгон. Мындан улам жарандардын Конституция менен кепилденген чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу укугун чектөөнү каалашат деп айтылат кайрылууда.

Алардын айтымында, коммерциялык эмес уюмдар саясий ишмердүүлүк менен алектенбейт, анткени мамлекетти башкарууга умтулбайт. Ошондой эле алар коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттик саясатты дагы да натыйжалуу кылууга аракет кылып, муну мыйзам жол берген формада ишке ашырат айтууда.

«[Түзөтүүнүн] демилгечилер эгерде аларды депутат, президент кылып шайласа, анда бардык жарандар чечим кабыл алууга эч кандай катыша албайт, эс алып, башкарууга ыраазы болушу керек деп эсептешет. Жарандардын мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуусу мамлекет менен жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы кабыл алынган жана таанылган формасы болуп саналат», — деп эсептешет коммарциялык эмес уюмдар.

Кайрылуунун авторлору Кыргызстандын коммерциялык эмес уюмдарын «чет элдик өкүлчүлүк» деп саноого болбойт, анткени алар мамлекеттин «кызыкчылыгы үчүн» иштешет деп белгилешет. Алар Нарматованын коммерциялык эмес умдарды текшерүү, отчёт берүүнү киргизүү мыйзам долбоору «ашыкча бюрократияны, тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жаратат» деп аташат.

«Биздин көз карашыбыз боюнча коом жана мамлекеттик органдар өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп жаткан Кыргызстандын коммерциялык эмес уюмдарынын ишинин маанилүүлүгүн жана масштабын толук түшүнө элек. Алар мамлекет жана рыноктук институттар тийиштүү деңгээлде аткара албаган функцияларды аткарышат, ошону менен коомдогу социалдык чыңалууну төмөндөтүшөт», — деп белгилешет коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү.

Бейөкмөт уюмдарга мүчөлүктү киши өлтүрүүгө теңегиси келет

Нарматова Кылмыш жаза кодексине киргизген өзгөртүүлөрдүн жардамы менен бийлик жарандык коомдун өкүлдөрүн айыпка жыгып же 10 жылга чейин түрмөгө кесе алышат деп эске салышты кайрылуунун авторлору. Кыргызстанда киши өлтүргөндөргө ушундай мөөнөттөгү жаза берилет деп баса белгилешти алар.

«Мыйзам долбоорунун демилгечилери жогоруда көрсөтүлгөн аракеттерди оордук даражасы боюнча киши өлтүрүүгө теңейт (КР КЖКнын 122-беренеси, санкция: 8 жылдан 12 жылга чейин), мында зордуктоо үчүн 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган (ст. 154), ал эми олуттуу зыян келтирген кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн 2 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган», — деп жазылат кайрылууда.

Мыйзам долбоору чет өлкөдөн келген жардамдар «өлкөнүн тынчтыгын бузат» деген идеяга шыкалган деп белгилешти коммерциялык эмес уюмдар. Анткен менен, Кыргызстанда эң көп грант алган мамлекеттик органдар жана коммерциялык сектор экенин эске салышат алар.

«Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна бир гана коммерциялык эмес уюмдары коркунуч келтирет дегендин өзү адилетсиз», — деп эсептешет коммерциялык эмес уюмдар.

Параменттин депутаты Надира Нарматова тарабынан коомдук талкууга чыккан КЭУ жөнүндөгү мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөр бир гана Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келүү менен чектелбейт жыйынтыкташты укук коргоочулар. Алар адамдардын биригүү эркиндигине болгон укуктарын бекиткен негизги демократиялык принциптерге, жана ошондой эле Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерге карама-кармыш келет.

Кайрылууга «Балдарды коргоо борбору», «Смарт Жаран Ассоциациясы», «Кылым шамы» укук коргоо уюму, «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду, «Борбордук Азиянын Коррупция жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну изилдөө институту», укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана Динара Ошурахунова, «Биринчи балдар хосписи», «Сезим» кризисттик борбору, «Таза Шайлоо» ассоциациясы, «Репродуктивдүү ден соолук үчүн альянсы» жана башкалар кол коюшкан. Кол топтоо дагы да уланып жатат.

Нарматованын түзөтүүлөрү

Эске салсак, парламент депутаты Надира Нарматова коммерциялык эмес уюмдарга «чет элдик өкүлчүлүк» (Орусиянын «чет элдик агентине» окшош) макам берүүнү, аларды атайын реестрге киргизип, коммерциялык эмес уюмдарды каттоодон өтүүгө милдеттендирүүнү, финансылык операциялары, персоналдык курамы, ишмердүүлүгү тууралуу такай отчёт берүүгө мажбурлоону сунуштап жатат; бейөкмөт уюмдарга пландалган жана күтүүсүз текшерүүлөрдү киргизүү, аларга кайсы бир адамга же уюмга колдоо көрсөтүүгө тыюуу салуу каралган.

Нарматова «жарандарга зыян алып келген» жана «жарандык милдетин аткаруудан баш тартууга үндөгөн» коммерциялык эмес уюм түзгөндөрдү 200 000 сом айыпка жыгып, 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууну каалап жатат. Бул түзөтүүлөр үндөшүп жаткан Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинде мөөнөтү азыраак — эки-үч жылга чейин эркинен ажыратуу деп белгиленген.