Элдик Курултайга төрага болуп Кадыр Кошалиев шайланды

Бишкекте башталган биринчи Элдик Курултайдын аксакалдар кеңешинин курамы бекитилип, төрагалыкка Кадыр Кошалиев шайланды. Ал буга чейин президенттин демилгеси менен түзүлгөн Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон.

Улуттук филармонияда өтүп жаткан Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан келген 1072 делегат катышууда.

Кадыр Кошалиев

Кошалиев 1962-жылы 11-сентябрда Жалал-Абад шаарында туулган. Ал коомдук ишмер жана журналист катары таанымал, ошондой эле, «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы. Ошондой эле, ал 2005-жылы «Ош-3000» мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору болгон.

Ал 2012-жылдан бери Кыргызстанда курултай өткөрүүнү жактап келгени менен белгилүү.

Кошалиев 2019-жылдын февраль айында коомдук курултай өткөрүү боюнча жарандардын укуктарын караган жумушчу топко кирген.

Садыр Жапаров 2020-жылдын ноябрь айында Конституциянын жаңы редакциясынын авторлорунун бири катары Кошалиевди атаган. Кийинчерээк 2021-жылдын февраль айында Кошалиев Конституциялык кеңешменин курамына кирген. Ал кеңешменин мүчөлөрүнүн тизмесинде журналист катары көрсөтүлгөн.

Ал буга чейин коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамды колдоп, «бейөкмөт уюмдар улуттук идеологияны бузат» деп билдирген.

Мындан сырткары, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын атын өзгөртүүнү сунуштаган.

«Кыргыз Эл Республикасы» деген аталышты сунуштайбыз. Элдик бийлик кирип жатканына байлыныштуу аталышында эле «эл» деген сөз турушу керек», — деген Кошалиев.

Тема боюнча:

Чыңгызхандын доорундагы парламент. Жапаровго Элдик Курултай эмне үчүн керек?