Премьердин кереги жок, цензура болбойт. Конституциялык кеңешмеде дагы эмне кеп?

25-ноябрда Илимдер академиясында Конституциялык кеңешменин кезектеги жыйыны өттү. Кеңешменин мүчөлөрү Конституциянын жаңы редакциясына байланышкан маанилүү маселелерди талкуулады.

«Клооп» кеңешмеде айтылган ойлорду кыскача баяндап, аны менен катар Конституцияга киргизиле турган демилгелерди санап берет.

Премьер-министр болбойт

Конституциялык кеңештин «Бийликтин мамлекеттик органдары» бөлүмүнүн мүчөлөрү премьер-министр институтун жоюп салууну сунуштады. Алардын айтымында, өкмөт башчынын ыйгарымдары президентке өткөндүктөн, дагы бир кызмат адамынын зарылчылыгы жок.

Чогулгандар добуш беришти, жыйынтыгында Кыргызстанда премьер-министр болбойт деген чечим кабыл алынды.

Конституциянын жаңы долбоорунун 56-беренесинин биринчи пунктунда президент өлкө башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт деп жазылган.

Пенсия көбөйбөйт

«Адам жана жарандын укугу, эркиндиги жана милдеттери» бөлүмүнүн мүчөлөрү пенсиянын, жөлөк пулдун жана башка социалдык жардамдардын өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады.

Бирок Улуттук илимдер академиясынын Орто Азиядагы Гуманитардык изилдөөлөр институтунун башчысы Чолпон Койчуманова азыркы экономикалык шартта мамлекет мындай нерсени ишке ашыра албасын билдирди.

«Бюджетке карап иш кылалы», — деди ал.

Койчуманованын пикирин секциянын төрагасы Нурлан Шерипов дагы колдоду.

«Бардыгы мамбюджеттин өлчөмүнөн көз каранды. 35 миллиард тартыштык менен ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө керек болсо турмуш-тиричилик минимумду камсыздоого мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетпейт», — деди Шерипов.

Жыйынтыгында Шерипов бул маселени талкуулоо үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилигин, экономика жана социалдык коргоо тармагынын эксперттерин чакырып, андан соң гана чечим чыгарууну сунуштады.

Импичментке байланышкан талаш-тартыш

«Бийликтин мамлекеттик органдары» секциясынын мүчөлөрү өлкө президентин кандай жол менен кызматтан четтетүү керек деген маселени талашып-тартышты. Конституциянын жаңы долбоорунда парламент президентке импичмент жарыялоосу үчүн Башкы прокуратуранын жана Конституциялык соттун президенттин иш-аракетинде кылмыштын белгилери бар деген корутундусу керек.

Тарых илимдеринин доктору Абылабек Асанканов бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулук сакталышы керектигин белгиледи.

«Коомчулукта бизди президенттин ыйгарым укуктарын бекемдеп жатышат деген пикир пайда болду. Биз тескерисинче тең салмактуулук принцибин камсыздоого аракет кылып жатабыз. Башкы прокурорду президент өзү дайындап жатса, ал кантип өлкө башчыны кылмыш жообуна тартуу же тактыдан кулатуу тууралуу корутунду берет? Ошондуктан бул маселеде Конституциялык соттун ыйгарымдарын күчөтүү чоң мааниге ээ», — дейт Абылабек Асанканов.

Бирок кеңешменин айрым мүчөлөрү аны менен макул болушкан жок — алардын ою боюнча Конституциялык соттун калыстыгы күмөн жаратат.

Депутат Кенжебек Бокоев катары менен үч отурумда тең парламентке көбүрөөк ыйгарым укук берүү керектигин айтууда. Анын айтымында, башкы прокурорду парламент дайындашы керек.

«Анткени өлкө башчысына кылмыш ишти бир гана Башкы прокуратура козгой алат. Ушул 30 жыл аралыгында бардык саясий буйрутмаларды Башкы прокуратура аткарып келди. Бирок, көзөмөл органдын бир дагы башчысы, бир дагы тергөөчүсү жоопко тартылган жок. Башкы прокурорду парламент дайындашы керек», — деп сунуштады эл өкүлү.

Сөз эркиндигин чектөөчү беренени алып салуу

25-ноябрда Конституциялык кеңештин «Адам жана жарандын укугу, эркиндиги жана милдеттери» секциясынын мүчөлөрү брифинг өткөрүшкөн. Эксперт Лейла Садыкова инсандын абийир жана ар намысына шек келтирген материалдары үчүн ЖМКны кылмыш жообуна тартуу боюнча берене алынып салынганын билдирген.

«Учурдагы Конституцияда бул норма жок. Абийир жана кадыр баркка шек келтирген маалымат таратуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартпастан эле канча жылдан бери жашап келдик. Мындан ары деле жарандык укуктун алкагында жоопкерчиликке тартууну калтырсак болот деп ойлойм», — деди Лейла Садыкова.

Этникалык квота

«Бийликтин мамлекеттик органдары» секциясынын бир нече мүчөсү Жогорку Кеңештеги этникалык квотаны жок кылууну сунуштады. Экс-депутат Кемел Аширалиевдин айтымында, парламенттеги этникалык квота өз максатын актаган жок.

«Этникалык квота боюнча парламентке бир эле адамдар келип жатат, негизинен башка улуттардын бай өкүлдөрү. Биз аялдарды колдошубуз керек, ошондуктан аялдар квотасын калтырабыз», — деп билдирди Аширалиев.

Конституциялык кеңешме

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Органдын курамына 90го жакын адам кирген, алардын арасында учурдагы депутаттар да бар.

Кеңешменин түзүлүүсүнө депутат Дастан Бекешев реакция жасады. Ал телеграм каналында Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен эмес, парламенттин токтому менен түзүлөрүн түшүндүрдү.

«Бул жерде президенттин жарлыгы туура эмес, президент парламентке мыйзамдарды киргизе албайт», — деп айтып берди ал.

Легендарлык парламенттин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев Конституциялык кеңештин курамы кесипкөй эмес деп белгилеп, ал жакта конституциялык укук боюнча адис юристтер абдан аз экенин билдирди.

«Кеңешменин тизмеси президенттин м. а. Талант Мамытов комиссияны түзүү тууралуу жарлыкка кол койгондон кийин эле пайда болгон. Бул алдын ала пландалган болушу мүмкүн. Мындай нерселерге олуттуу даярдык, конституциялык укук боюнча таасирлүү юристтердин, практиктердин жана саясатчылардын консультациясы талап кылынат. Конституциялык кеңешменин курамында конституциялык укуктун өкүлдөрү жана практиктер абдан аз экени таң калдырат», — деди ал.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов Конституциялык кеңешме макулдук берүүчү позицияны ээлегенин билдирди.

«Алар кандайдыр бир “косметикалык” сунуштарды сунуш кыла алышат, олуттуу сын-пикир көргөн жокмун», — деди ал. Анын ою боюнча, Конституциялык кеңешменин курамына лоялдуулук көрсөткөндөр гана чакырылган, ал эми сынчылар жок.

«Ханституция»

Өлкөдө конституциялык реформа парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон элдик нааразылыктардын толкуну менен абактан бошотулуп премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу кызматын ээлеп калган Садыр Жапаров тарабынан жигердүү колдоого алынууда. Учурда ал президенттик шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укутарын тапшырып берген.

Парламент Жогорку Кеңешке шайлоону жылдыруу жана конституциялык реформа жөнүндө мыйзам долбоорун жактырышкандан кийин юристтер жана жарандык коом документтерди «жогору жактан түшкөн» деп аташкан.

Анткен менен Жапаров өзү 23-ноябрда 7-каналга курган маегинде Конституциянын жаңы долбоорунун автору эместигин айткан.

«Документтин автору — 20 чакты адам. Алардын ичинде Бекбосун Бөрүбашов, Кадыр Кошалиев, Баяс Турал, Азимбек Бекназаров бар. Долбоордон акыркы 10 жылдан бери талкууланып келет. Мен ага болгону экси сунуш киргиздим: президенттин жана өкмөттүн ыйгарымдарын бириктирүү, ошондой эле элдик курултай жөнүндө», — деген Жапаров.

Конституциянын жаңы долбоору 17-октябрда коомдук талкууга коюлуп, ал эл оозуна «Ханституция» деген ат менен алына баштады, анткени ал президенттин ыйгарымдарын кыйла күчөтөт. Жаңы Конституциянын автору жана демилгечиси деп көрсөтүлгөн айрым депутаттар документти көрүшпөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышпаганын айтып чыгышкан.

Бир топ саясатчылар жаңы долбоорду авторитаризмге жана Бакиевдин убагына, ал тургай орто кылымдарга кайтуу деп атап, эгер ал кабыл алынса элдин эркиндигин чектейт тынчсызданышууда. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөл комитетинин ыкчам отурумунда аталган Конституция күчүнө киргенде дүйнө жүзү өлкөнү тааныбай, ага жардам берүүнү токтотот деп билдирген.

Ал эми башка саясатчылар Жапаров юристтердин туткунунда калды деп эсептешет. Ошол эле учурда, президенттик башкаруу формасы, өлкөнүн башкы органы катары элдик курултай (чындыгында президентке отчёттуу) жана башка бир топ идеялалар документте Жапаров эркиндикке чыккандан кийин анын жасаган билдирүүлөрүндө да айтылып келген.

Депутат Канат Исаев болсо долбоордун автору Садыр Жапаров экенин ачык эле билдирген, бирок долбоордун авторлорунун расмий тизмесинде анын фамилиясы жок.

22-ноябрда Бишкекте Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен макул эместердин тынчтык маршы өткөн. Маршка бир нече жүздөгөн адамдар катышкан — алар «ханституцияга жол бербейбиз» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп келишкен. Ошондой эле, адам укугуна, сөз эркиндигине басым кылбоо, демократия жана парламентаризмге жол ачуу тууралуу талаптар болгон.