УКМК алтын казуучу компаниядан 20 млн сом өндүрүп, кылмыш ишин козгоду

УКМК Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда алтын казуучу компания экологиялык зыян үчүн бюджетке төгүлүүчү тарифти жеңилдетилген ставка боюнча төлөп жүргөнүн аныктады. Буга байланыштуу компаниянын кызматкерлеринен тышкары, Жаратылыш ресурстар министрлигинин облустук башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата да кылмыш иши козголду. Мамлекеттин кирешесине 20 млн сом өндүрүлдү.

УКМК Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине жана алтын казуучу компаниянын өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мамкомитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козголду.

Атайын кызмат Тогуз-Торо районунда алтын казып иштеген тоо-кен ишканасы уруксат документтери жана тиешелүү экологиялык паспорттун жоктугуна карабастан экологиялык зыян үчүн тарифти жеңилдетилген ставка боюнча төлөп жүргөнүн аныкташкан. мындан улам мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

УКМКнын кызматкерлери 18-ноябрда тинтүү учурунда белгиленген тарифте карама-каршылыктарды аныкташкан. Тергөө учурунда аныкталган 20 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылган.

Тергөө амалдары уланып жатат.