Курултай: 31 жылдык кризиске кадрдык саясаттын, билим берүүнүн жана тарбиянын каталары себеп

Кыргызстан 31 жылдан бери кризисте, бүгүнкү күнгө чейин толук көз карандысыздыкка жана аймактык бүтүндүккө жете элек деген жыйынтык чыгарышты Элдик Курултайдын катышуучулары. Алар анын себептерин маданият, билим берүү жана тарбия менен байланыштырышты. Буларга кошумча коррупция айтылган жок.

1072 делегаттын ичинен болгону 148ин аялдар түзгөн биринчи Элдик Курултай 26-ноябрда аяктады. Анын жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясы тараткан резолюцияда Курултай «ийгиликтүү өткөнү» айтылат. Бирок учурдагы өлкөнү абалы узакка созулуп кеткен кризис катары бааланат.

«Чыгып сүйлөгөндөр Кыргыз Республикасынын 31 жылдан бери саясий жана социалдык-экономикалык кризистен чыкпай келе жатышынын негизги себеби катары кадрдык саясаттын каталары, билим берүү системасына тиешелүү көңүл бурулбагандыгы, илимий-изилдөө иштериндеги кайдыгер мамилелер, сот, прокуратура органдарындагы адилетсиздик иштер, мамлекеттик тилдин декларативдүү макамга айланышы, саламаттык сактоо иштериндеги баш аламандыктар, дин ишмердүүлүгүндөгү ырааттуулуктун жоктугу, маданиятка көңүл буруунун төмөндөшү, элдин нарк-насилине, жүрүм-турумуна, таалим-тарбиясына жана дүйнө таанымына төп келген тиешелүү иш-чаралар өткөрүлбөй, вакуумдар (боштуктар) жаралып, ошонун негизинде эл арасына түрдүү маданияттардын элементтери кирип, натыйжада алардын кесепеттери менен алпурушуп жаткандыгы баса белгиленди», — деп айтылат резолюцияда.Кызыгы, президент Курултайда ажыдаар деп атап, бийлик аны менен күрөшө албай жаткан коррупция кризистин себептеринин арасында айтылбай калган.

Садыр Жапаров Элдик Курултайда. Сүрөт: президентин сайты.

Резолюцияда прламент, ошондой эле аткаруу жана сот бийлиги үчүн да сунуштар берилген.

Делегаттар Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун кабыл алууда «улуттук иденттүүлүктүн талаптарына туура келген адамдын жеке кызыкчылыгына караганда коомдун кызыкчылыгы жогору экендигин тастыктаган, адептик ченемдерди, каада-салттарды, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, өлкөдө жашаган башка этностордун маданий дөөлөттөрүн жана баалуулуктарын чагылдырган иш тажрыйбаны бекем сактоону» сунушташат.

Эл өкүлдөрүнө 2023-жылдын майы айына чейин «Элдик Курултай жөнүндөгү» конституциялык мыйзамды кабыл алуу өтүнүчү да айтылды. Мурдагы мыйзам долбоорун депутаттар четке кагышып, ошондуктан президент Курултайды өз жарлыгы менен чакыртууга аргасыз болгон.

Элдик Курултайдын делегаттары көбүнесе Министрлер кабинетине сунуштарды айтышты, алар төмөнкү маселелерди камтыйт: авариялык абалдагы мектептерди, ооруканаларды, бала бакчаларды өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу камсыз кылынганга чейин капиталдык оңдоонун тизмесине киргизүү жана 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясын иштеп чыгуу.

Резолюцияда «Кыргыз Республикасы толук эгемендикке ээ болушу үчүн саясий-экономикалык өнүгүүгө гана көңүл бурбастан, аймактык бүтүндүккө жана көз карандысыздыкка толук жетишүүсү зарыл» деп белгиленет. Буга байланыштуу алар бийликке коңшу өлкөлөр менен талаштуу болгон аймактарды тез аранын ичинде чечип, делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүү нү сунушташты. Учурда Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен чек араларын макулдашуу процессин аяктап калды, ал эми бир нече ири куралдуу кагылыш болгон Тажикстан менен республика чек ара боюнча алдын ала макулдашууларга жетишти.

Ал эми Жогорку сот менен Башкы прокуратурага жарандардын кайрылууларын, даттанууларын дыкат карап, адилеттүү жана калыс жыйынтыктарды чыгаруу сунуштары айтылды.

Резолюциянын аягында «учурда президент Садыр Жапаровдун, мамлекеттик бийликтин эл менен биргелешкен күч аракети жана коомдогу прогрессивдүү күчтөрдүн активдүү катышуусу менен Кыргызстанды туруктуу өнүгүү жолуна чыгаруу боюнча жетишерлик шарттар даярдалганы» белгиленет.

Элдик Курултай институту 2021-жылдын 5-майында күчүнө кирген Конституцияда коомдук-өкүлчүлүктүү чогулуш катары жазылган.

Бирок Курултай чакыртуунун өзүн юристтер мыйзамсыз деп атап келишет — президент аны парламент «Элдик Курултай жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамды четке какканы үчүн жарлыгы аркылуу чакырткан. Бирок президенттин администрациясы бардык мыйзамдуу деп көшөрүүдө.

Тема боюнча: Чыңгызхандын доорундагы парламент. Жапаровго Элдик Курултай эмне үчүн керек?