Жапаров: Эгер элибиз коррупционерлерди коргоп чыга берсе, анда бул илдеттен эч убакта кутула албайбыз

Президент Садыр Жапаров биринчи Элдик Курултайда жарым сааттык сөз сүйлөдү. Өлкө башчысы коррупция темасына кеңири токтолуп, ага каршы күрөш уланарын белгиледи.

Жапаров «Өлкөнү ичинен кемирип жеп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө, алга жылуусуна кедергисин тийгизип жаткан» коррупция көйгөйү дагы деле бар, бардык тармактарга тамырын кеңири жайып алганын моюнга алды.

«Коррупция тамырын ушунчалык кенен жайган экен, биз өлкө башына келген күндөн тартып, башкы милдетибиз катары карап, ага каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөнүбүзгө карабай, коомчулуктагы бул илдеттен али толук тазаланууга жетише албай келатканыбызды ачык айталы. Эки баштуу ажыдаарга айланган бул коррупциянын бир башын кессек, кайра экинчи башы өсүп, дале токтобой келатат. Бирок кол куушуруп, шалдайып отуруп калган жерибиз жок, коррупция менен айыгышкан күрөш уланып жатат», — дедеи ал.

Садыр Жапаров Элдик Курултайда. Видеодон скриншот.

Жапаров өлкөнүн калкынын саны 7 миллионго жеткен болсо да баары бири-бирин жакшы тааный турганын белгиледи: ким эмне менен дем алып, кантип байып жатканын кыраакы эл жакшы билет.

«Ошентип, ар кандай коррупциялык көрүнүштөрдү, схемаларды түзүп алып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгындагы каражаттарды сол чөнтөккө сологондордун жолун тороп, бийлик мыйзам укуругун салып келет. Мыйзам чегинде чара көрүү менен мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуртуу иштери уланууда. Сиздер менен биргеликте Курултайдын күчүн коррупцияга каршы күрөшкө туура багыттай алсак, натыйжасы сөзсүз болот деп ишенем», — деп эсептейт президент.

Анын пикиринде, Элдик Курултайда көңүл бурууга зарыл болгон негизги маселелердин бири — коррупциянын кесепеттери жана анын алдын алуунун чаралары.

«Эгер элибиз коррупционерлерди “тууганым эле, жердешим эле” деп коргоп чыга берсе, анда биз бул илдеттен эч убакта кутула албайбыз. Элибиз коррупционерлерди, мамлекеттик, демек, элдик мүлккө суук колун салгандарды жалпы жектесек, аларга болушпасак, “Коррупционерсиңби, мыйзам алдында жазаңды тарт!” десек, ошондо гана биз биргеликте коррупцияны жеңет элек», — деп белгиледи өлкө башчысы.

Президент бул маселе боюнча делегаттардын сунуш–пикирин уккусу келерин кошумчалады.

Садыр Жапаров коррупция тууралуу көп эле билдирүүлөрдү жасап келет. Былтыр, 9-ноябрда белгиленген Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнүндө мыйзамдар толук болбой жаткандыктан коррупционерлер менен күрөшүү тиешелүү натыйжасын бербей жатканын айтып даттанган.

Президент мыйзамдардагы коррупцияга каршы туруу механизмдери «толук» жана «системдүү» эметигин айтып, мамлекеттик органдар менен кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө так жобо жоктугун белгилеген.