Өзбекстандын Cенаты кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу келишимди жактырды

Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенаты кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды. Ага парламенттеги 100 сенатордун бардыгы макул деп добуш биришти.

Мыйзам долбоору боюнча Эл аралык мамилелер, тышкы экономикалык байланыштар, чет элдик инвестициялар жана туризм комитетинин төрагасы Равшанбек Алимов баяндама жасады.

Алимов Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстан үчүн стратегиялык маанилүү объект экенин билдирди. Анын айтымында, чек араны тактоо келишими Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы буга чейинки талаштуу жагдайларга чекит коёт.

Буга чейин, 14-ноябрда Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы дагы келишимди бир добуштан колдоп берген.

Ал эми 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-өзбек чек ара макулдашуусун жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишимди ратификациядан өткөрдү.

Ага депутаттардын көпчүлүгү макул, 19 эл өкүлү каршы добуш берди. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттин жыйыны мыйзамсыз өтүп жатканын айтып чыкты.

Ага чейин эле жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар каршы чыгышкан. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер Кемпир-Абад Өзбекстанга өтсө, Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.

Келишимди ратификациядан өткөрүү жана талкуулоо процесси чуу менен коштолуп жатат — буга чейин депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин башчылыгынан алышкан. Ал келишимдин долбооруна каршы чыгып, комитеттин чечимине кол коюудан баш таркан. Муну ал депутаттардын колуна бардык документтер берилбегени менен түшүндүргөн.

Бул окуядан кийин суу сактагыч жайгашкан Ош облусунда, өлкөнүн эки ири шаары — Бишкек жана Ошто митинг жана курултайлар өткөн. Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бул макулдашуу өлкө үчүн жеңиштүү болгонун айтышууда.

Ошондой эле бийлик массалык башаламандык уюштурууга айыптап дээрлик 30 адамды кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө өткөргөнү жатканы үчүн сындашкан.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп билдирген.

Тема боюнча:

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек ара макулдашуусун үч окууда ратификациялады