«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам ЖМКны сотко жеткирбей эле бөгөттөө үчүн кабыл алынганын тастыктады Маданият министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Салкын Сарногоева. Ал мыйзам быша электигин моюнга алып, сайттарга сотсуз бөгөт коюудан улам ЖМК соцтүйүндөргө кетип, соцтүйүндөрдү болсо министрлик көзөмөлдөй албайт деген кооптоонусун айтты.
«Мыйзамдын негизги максаты сайттарды сотко чейин эле (бир сутканын ичинде — ред.) бөгөттөө болгонун баарыбыз эле түшүнөбүз да», — деп моюндады Сарногоева.
Анын айтымында, ЖМКны бөгөттөө тууралуу чечимиди Маданият министрлиги келип түшкөн арыздын негизинде кабыл алат, бирок министрликтин арыздын чын-бышыгын текшергидей ыйгарым укугу жок. Маданият министрлиги киргизип жаткан жаңы ченемдерге ылайык, арызданган тарап тастыктоочу маалыматтарды кошо берип, ал боюнча сайттын ээлерин кабардар кылышы керек.
А бирок чынында, аталган «тастыктоочу маалыматтарды» да Маданият министрлиги текшере албасын моюндады чиновник. Ал эми маалыматтын арыздагы чын-бышыгы үчүн жоопкерчиликтин баарын арыз берүүчү өз мойнуна алат. Жалган маалымат үчүн «чоң штрафтар» каралган дейт Сарногоева.
Аткаминер министрликтин ишмердүүлүгү бөгөттөлгөн ЖМКнын соцтүйүнгө өтүп кеткидей «тобокелдиктерди жаратышы» мүмкүн деп моюндады. Сарногоева «Апрель» телеканалын мисал келтирди, ал сайты бөгөттөлгөндөн кийин соцтүйүндө ишин уланткан.
«Биз аларды укуктук талаадан жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ал эми бизде соцтүндөргө эч бир жеткиликтүүлүгүбүз жок. Бул чынында эле биз ЖМКнын ишмердүүлүгүн жоготуп же ЖМКны укуктук талаадан чыгарып жаткандагы тобокелдиктердин бири», — дейт департамент башчысы.
Сарногоева министрликтин Instagram жана Facebook’ка ээлик кылган Meta компаниясы менен эч бир келишими жоктугун да кошумчалады.
Ошол эле учурда аткаминер журналисттерди министрлик ЖМКны жабууну максат кылбасын айтып ишендирди.
«Дагы бир жолу айтсам, биз аталган мыйзамда акыркы звено болуп эсептелебиз. Аны кимдир бирөө демилгелеп, кимдир бирөө добуш берип, кимдир бирөөсү кол коюп берип, Министрлер кабинети биздин ведомствону аталган мыйзамдын аткаруучусу деп аныктап койгон. [...] Мыйзамда да, тартибинде да жазылган эмес, министрликтин алдында бул мыйзам менен куралданып, ЖМКны барып жаба баштоо деген макстат турган жок. Бул туура эмес», — деди Сарногоева.
Фейктер тууралуу чуулгандуу мыйзам
Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын августтунда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамга кол койгон. Документке ылайык, бийлик соттун чечими жок эле каалаган сайтын, фейк маалымат жарыяланган деп бөгөттөп коё алат.
Мыйзамга кол коюлганга чейин эле юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коом документке каршы чыгышкан. Юристтер ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укугун «одоно» бузаарын жана интернетте мамлекеттик цензура орнотоорун белгилешкен.
Кыргызстанда фейктер жөнүндөгү мыйзам атүгүл колдонулган. Август айында өлкөдө Res Publica сайты бөгөттөлгөн. Сайт «Манас Менежмент» ишканасынын экс-президенти Асан Токтосуновдун арызынын негизинде бөгөттөлгөн. Токтосунов сайттын «Манас» аэропорту тууралуу эки иликтөөсүндө өзү тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар жазылганын айтып арызданган.
Ал эми 26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөнү чечкен. Буга аталган медиа 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыялаганы» себеп болду дешкен.
Бул окуялардан кийин «Медиа Полиси Институтунун» юристтери фейктер жөнүндөгү мыйзам «бийликтин аракеттерине мониторинг жасап, карапайым калкка өкмөт кантип иштеп жатканын түшүнүүгө жардам бере турган маалыматтарды ачыктап жаткан ЖМКга каршы административдик ресурс» деген билдирүү жасашкан.