Кыргызстанда чуу жараткан «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде Res Publica сайты бөгөттөлдү. Бул тууралуу сайттын башкы редактору Замира Сыдыкова Фейсбук барагына жазды.
Анын айтымында, сайтка «Манас» аэропортундагы аткезчилик тууралуу иликтөө жарык көргөндөн кийин бөгөт коюлду.
«1992-жылдан бери Res Publica гезитинин тарыхында түрдүү нерселер болду. Бизди соттошту, абакка отургузушту, айып салышты, бирок 2000-жылдан бери иштеп келаткан сайтты бөгөттөй эле болчу. Бул (сайттын бөгөттөлүшү) “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам аркылуу ишке ашты. Бул боюнча ыйгарым укук Маданият министрлигине берилди. Ушул учурдан баштап сөз эркиндиги жок болду», — деп жазды ал.
Сыдыкова Маданият министрлиги сайтты 2022-жылдын 15-июнунда, «Манас Менежмент» ишканасынын экс-президенти Асан Токтосуновдун арызынын негизинде бөгөттөгөнүн билдирди. Токтосунов сайттын «Манас» аэропорту тууралуу эки иликтөөсүндө өзү тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар жазылганын айтып арызданган.
«“Манас Менежмент компаниясы” 1998-жылы “Манасты” Борбордук Азиядагы эң ири жүк өткөрүүчү транзиттик аэропортко айлантуу максатында негизделген. “Манас Менежмент” өз максатына жетпей калган. Бирок компания көптөгөн жылдар бою аэропортко тамак-ашты жеткирүүдө монополист болуп калган. Авиакомпаниялар эч нерсе кыла албаганынан пайдаланып, компаниянын жападан жалгыз директору Асан Токтосунов 2007-жылдан тартып байып келген. Бизнеске үй-бүлөсү, таасирдүү достору жана Ак үйдөгү калкалоочулары тартылган», — деп жазды Сыдыкова.
Сыдыкова иликтөөдө коррупция, аткезчилик жана компаниянын махинациялары тууралуу айтылганын белгиледи.
Анын айтымында, 2019-жылы сайттын макалаларынан кийин Токтосунов кызматтан алынган. Ошондо Токтосунов Res Publica гезити менен соттошууну чечкен. Ал эми 2021-жылы ал коррупцияга кошо катышканы үчүн (тукуруучулук) соттолгон. Ал тергөө менен иштешип, ошондой эле 200 миң доллар зыянды төлөп берген.
«Бирок Мадания министрлиги Токтосуновдун пайдасына чечим чыгарып жатканда булардын баары кызыктырган эмес окшойт. Буга чейин, 2021-жылдын 1-сентрябрында шаардык соттун судьялары да арыздануучунун коррупциялык аракеттериндеги фактыларды калтырып, Токтосуновдун арызын жарым-жартылай канааттандырууну чечкен. Анан Маданият министрлиги кантип сайттагы макаланы кантип бөгөттөйт? Негизи эле сайтка кантип бөгөт коё алат?» — деп кыжырданды ал.
Маданият министрлиги эмне дейт?
Маданият министрлигинен буга ичейин Res Publica сайтында өзү тууралуу «жалган маалыматтар таратылганын» айтып Токтосунов кайрылганын билдиришти.
Министрликтен анын арызынын негизинде алар байланыш тармагын көзөмөлдөө кызматына кайрылышканын, алар аталган маалыматты өчүрүү чечими менен билдирүү жибергенин белгилешти.
«Res Publica сайты эч кандай чара көрбөй, 2019-жылы жарык көргөн маалыматты өчүрбөгөндүктөн биз сайттын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча экинчи чечимди жибердик. Бул аталган маалыматты өчүрүү тартиби жана анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык жүргүзүлдү», — деп билдиришти мекемеден.
Министрликтен аларда бул маалымат жалганбы же жокпу аныктоо тапшырмасы жок экенин билдиришти.
«Мыйзамга ылайык, азырдануучу өзү тууралуу жалган маалымат таратылды деп эсептесе, ал сайттын жетекчилигине кайрыла алат. Эгер алар (сайттын жетекчилиги) реакция кылбаса, арыздануучулар бизге кайрылышат. Алардын арызынын негизинде биз маалыматты өчүрүү боюнча билдирүү жиберебиз. Эгер маалымат өчүрүлбөсө, кийинки чечим — соттун чечимисиз эле сайттын ишин эки айга токтотуу», — деп билдиришти Маданият министрлигинен.
Чуу жараткан фейк жөнүндөгү мыйзам
Президент Садыр Жапаров чуу жараткан «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга 2021-жылдын 23-августунда кол койгон.
Мыйзам долбоорунда интернет колдонуучулардын анонимдүүлүнүн жоюп, эгер жалган же такталбаган маалымат чыккан болсо соттун чечимисиз эле сайтты жабуу каралган.
«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам — бул ызы-чуу жараткан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун кайра иштелип чыккан варианты. Документти дээрлик бир жыл мурун Сооронбай Жээнбеков артка жөнөткөн.
Документти алтынчы чакырылыштын депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Бирок Асылбаевага тиешелүү деп аталып калган. Себеби ал мыйзам долбоорун активдүү коргоп, сын айткан соцтармактын колдонуучуларын «фейктер жана троллдор» деп атаган.
Президент долбоорду кайра кароого жөнөткөндон кийин көпкө чейин унутта калган, бирок 31-майда мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн атайын топ түзүлгөн. Жыйынтыгында 28-июлда парламент депутаттары мыйзам долбоорун үч окууда дароо кабыл алышкан.
Мыйзамга кол коюлганга чейин эле юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коом каршы чыккан. Мыйзамдын долбоору кескин сынга алынып, юристтер ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укугун «одоно» бузаарын жана интернетте мамлекеттик цензура орнотоорун белгилешкен.
Кайрадан иштелип чыккан мыйзам долбоору менен таанышып чыккандан кийин, юристтер Жогорку Кеңештин депутаттары өз регламентин гана эмес өлкөнүн Конституциясын да бузган деген жыйынтыкка келишкен.
Андан сырткары, мыйзам долбоорунун ченемдери «Конституцияга, эл аралык келишимдерге каршы келет, адам укуктарын бузат жана өлкөнүн бюджети кескин тартыш болуп турган чакта мамлекеттик бийлик органдарынын функциялары негизгиз бири-бирин кайталап калат».
Тема боюнча окуңуз: Минкаб «фейк» үчүн сайттарды жабууну сунуштады. Ал кандай иштерин чиновниктер өздөрү да билбейт