Депутат Айдарбеков ден соолугун текшертүү үчүн чет өлкөдө жүргөнүн билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков чет өлкөдө медициналык текшерүүдөн өтүп жүргөнүн билдирди. Бул тууралуу ал фейсбук барагына жазды.

Айдарбеков бир нече күн байланышка чыкпаганынын себебин, ден соолугу боюнча пландаштырылган иш сапары менен түшүндүрдү.

«Буга чейин менин кесиптештерим маалымдагандай, ден соолугума байланыштуу пландаштырылган текшерүүнү өтүү үчүн чет жакка чыгууга муктаж элем. Ал ортодо, Казакстанда куран окутуу зыйнаты да бар эле, андан соң медициналык текшерүү үчүн сапар уладым. Сиздер менен байланышка чыгуу мүмкүнүчүлүгү пайда болоор замат ушул кайрылууну жазуудамын», — деп жазды ал.

Ал ага кабатыр болуп, колдоо көрсөткөн кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирип, жакынкы убакытта өлкөгө кайтып келерин белгиледи.

Айдарбеков менен Жамгырчиевдин дайынсыз болушу

Буга чейин, 27-ноябрда, депутат Элвира Сурабалдиева кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков дайынсыз болуп жатканын билдирген.

«Айдарбеков эч жерде жок, таба албай жатабыз. Кечээтен бери байланышка чыга элек. УКМК унчукпайт», — деп билдирген ал.

27-ноябрга караган түнү Сурабалдиева «УКМК депутат Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековду кыргыз-казак чек арасынан токтотуп, Жамгырчиевди кармап кеткенин» айткан. Ал депутаттар чогулган соң «Жамгырчиевди коё беришкенин» белгилеген.

Сурабалдиева «эки депутат тажыяга бара жатканын жана Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганын» билдирген. Ал эми айрым басылмалар «Айдарбеков дагы атайын кызмат тарабынан кармалды» деп жазган.

Ал эми 27-ноябрда УКМК дайынсыз жоголгону айтылган депутат Чыңгыз Айдарбеков чек арадан өтүп, Казакстанда жүргөнүн билдирген.

Тема боюнча:

УКМК: Депутат Чыңгыз Айдарбеков кармалган эмес, ал Казакстанда