УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап, депутаттар чогулган соң коё берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра коё берди. Бул тууралуу анын парламенттеги кесиптеши Элвира Сурабалдиева 27-ноябрга караган түнү фейсбук барагына жазды.

Сурабалдиева Жамгырчиевдин жанында депутат Чыңгыз Айдарбеков болгонун, алар кыргыз-казак чек арасы аркылуу тажияга бара жатышканын белгиледи.

«Ак-Жол өткөрмө бекетинде Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон экен. УКМК аны кармады. Биз [депутаттар] чогулган соң коё беришти», — деди эл өкүлү.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы «Клоопко» Жамгырчиевдин эмне себептен кармалганын тактап берүүнү убадалап, бирок маалымат берген жок.

Буга чейин, 24-ноябрда Элвира Сурабалдиева парламент жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимди ратификациялоого каршы добуш берген депутаттарга коркутуу болуп жатканын айткан.

Ал эми Кемпир-Абад боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бергендердин арасында эл өкүлү Эмил Жамгырчиев жана Чыңгыз Айдарбеков дагы бар.

Тема боюнча:

Сурабалдиева депуттарга коркутуу болуп жатканын айтып, Ташиевдин кирешесин текшерүүнү сунуштады

Чыңгыз Айдарбеков Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангынан ажыратылды