УКМК: Депутат Чыңгыз Айдарбеков кармалган эмес, ал Казакстанда

Чыңгыз Айдарбеков

УКМК 27-ноябрда дайынсыз жоголгону айтылган Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков чек арадан өтүп, Казакстанда жүргөнүн билдирди.

Ведомстводон «Клоопко» Айдарбеков кандайдыр-бир кылмыш иши боюнча суракка алынбаганын айтышты.

Буга чейин, 27-ноябрда, депутат Элвира Сурабалдиева кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков дайынсыз болуп жатканын билдирген.

«Айдарбеков эч жерде жок, таба албай жатабыз. Кечээтен бери байланышка чыга элек. УКМК унчукпайт», — деп билдирген ал.

27-ноябрга караган түнү Сурабалдиева «УКМК депутат Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековду кыргыз-казак чек арасынан токтотуп, Жамгырчиевди кармап кеткенин» айткан. Ал депутаттар чогулган соң «Жамгырчиевди коё беришкенин» белгилеген.

Сурабалдиева «эки депутат тажыяга бара жатканын жана Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганын» билдирген. Ал эми айрым басылмалар «Айдарбеков дагы атайын кызмат тарабынан кармалды» деп жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«УКМК унчукпайт». Сурабалдиева Чыңгыз Айдарбеков дайынсыз болуп жатканын айтты