Президенттин парламенттеги экс-өкүлү Дыйканбаевди Жогорку сот дагы күнөөсүз деп тапты

Жогорку сот «Кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» шектелген президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаевди актады. Бул маалыматты «Клоопко» соттун басма сөз кызматы 8-декабрда тастыктады.

Маалыматка ылайык, Жогорку сот Дыйканбаевди актоо боюнча шаардык соттун 19-июлдагы өкүмүн күчүндө калтырды.

Дыйканбаев 2020-жылдын 24-ноябрында кармалып, УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Андан көп өтпөй президенттин басма сөз кызматы Дыйканбаев өз арызынын негизинде кызматтан бошотулганын билдирген.

УКМКнын маалыматына ылайык, Дыйканбаев 2020-жылы октябрда шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан маалда «саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп», мамишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алам деп коркутуп, 7 миллон сом берүүгө мажбур кылган.

Атайын кызматтан Дыйканбаев ал акчаны «шайлоо алдындагы кампанияда, шайлоочулардан көп добуш алууну камсыздаш үчүн колдонгонун» айтышкан.

Райондук сот 2021-жылдын апрель айында Дыйканбаевди үй камагына чыгарган. Ал тергөө менен кызматташууга барып, бюджетке 7 миллион сом төгүп берген.

Дыйканбаев деген ким?

Курманбек Дыйканбаев.

Курманбек Дыйканбаев өлкөнү Сооронбай Жээнбеков башкаруп турганда, 2018-жылы президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

2020-жылы парламенттик шайлоого бийликчил деп сыпатталган «Биримдик» партиясы менен, тизмеде 58-номерде барган.

Шайлоо өнөктүгү учурунда депутаттыкка аттанганына байланыштуу милдетин аткарууну убактылуу токтоткон.

«Биримдик» шайлоодо көп добушка ээ болуп, алдыңкы катарга чыккан, бирок 5-6-октябрь күндөрү шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместердин нааразылык акциясы Ак үйдү басып алуу менен аяктап, БШК шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган. Өлкөдө саясий кризис орноп, кийин бийликке абактан чыккан Садыр Жапаров келген.

Тема боюнча:

Президенттин парламенттеги экс-өкүлү Дыйканбаев үй камагына чыкты