Президенттин парламенттеги экс-өкүлү Дыйканбаев үй камагына чыкты

Президенттин Жогорку Кеңештеги экс-ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан «Клоопко» билдиришти.

«Соттун 1-апрелде чыккан токтомуна ылайык, Дыйканбаев 24-майга чейин үй камагында кармалат», — деп Биринчи май райондук соту билдирди.

Дыйканбаевдин иши

Дыйканбаев 2020-жылдын 24-ноябрында «Кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» шектелип кармалган. Ал УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.

Президенттин басма сөз кызматы 27-ноябрда Дыйканбаев берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулганын билдирген. Тиешелүү жарлыкка ошол убактагы президенттин м.а. Талант Мамытов кол койгон.

УКМКнын маалыматына ылайык, Дыйканбаев 2020-жылы октябрда шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан маалда «саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп», мамишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алам деп коркутуп ага 7 млн сом берүүгө мажбур кылган.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Дыйканбаев ал акчаны шайлоо алдындагы кампанияда, шайлоочулардан көп добуш алууну камсыздаш үчүн колдонгон.

Дыйканбаев деген ким?

Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылы дайындалган, ал 4-октябрдагы шайлоо убагында депутаттыкка аттанганына байланыштуу милдетин аткарууну убактылуу токтоткон.

Парламенттик шайлоого Дыйканбаев «Биримдик» партиясы менен тизмеде 58-номерде барган. «Биримдик» шайлоодо көп добушка ээ болуп, алдыңкы катарга чыккан, бирок 6-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместердин нааразылык акциясы Ак үйдү басып алуу менен аяктап, БШК шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган.