Иллюстрация: Жылдыз Бекова

Бул окуянын түп нускасы зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында «Кайда барам» долбоорунда жарыяланган. Анда аялдардын жашоодон алынган окуялары баяндалат.

Миргүл Майрамбек кызы, 35 жашта

Мен Түштүк-Сахалинск аралында иштеп жүргөндө экинчи ирет турмуш курдум. Биринчи күйөөмдөн жолум болгон жок, эми бактылуу болом деп ойлогом. Экинчи күйөөм менен мамилебиз жомоктогудай башталган. Бирок көп өтпөй, жашоом триллерге айлана баштады.

Орус тилинде мыкты сүйлөгөндүктөнбү же келбетим жакшынакай болгондуктанбы – каалаган адам менен тез тил табыша алчумун. Алгач жолдошумдун кызганычына анча деле маани бербей келгем. Бирок, кийинчерээк ал менин жетишкендиктеримдин баары «төшөктүн арты менен» деп күмөн санай баштады. Бул тозоктун кире беришиндеги кызыл желек эле.

Урушканыбыз көбөйүп, мага кол көтөрө баштаганда, өзүмдү тузакка түшкөндөй сездим. Бирок кетип кала албадым, анткени экинчи никемди да бузуп алуудан корктум. Эл арасында жеке жашоомду кура албаган, шордуу байкуш катары баалангым келген жок. Жолдошум телефонумду текшерип, мени кордоп, акыры өлүм менен коркута баштады. Атайылап токойго алып барып, эч ким көрбөгүдөй кылып сабап, ошол жакка мени таштап кетчү. Ал жакта адамдар жок, аюулар көп болгондуктан, «Кечир, мен күнөөлүмүн. Мени бул жактан алып кетчи» – деп, суранууга аргасыз болчумун.

Эмнеден жаңылдым? Кантип ушундай күнгө туш келип калганымды түшүнө алчу эмесмин. Өзүмө кол салгым келчү. Бирок Кыргызстанда балам мени күтүп, сагынып жүргөнүн элестетип, эсиме келчүмүн. Баламдын келечеги үчүн мен бул жакка келгем, ал үчүн күрөшүүм керек, бирок мен алсыз элем.

Менин кош бойлуу экенимди билгенде жолдошум сүйүнүп, жүрүм-туруму өзгөрө баштаган. Ошондо баары жакшы болот деп үмүттөндүм. Бирок ал кайра эле мага кол көтөрө баштаганда көңүлүмдүн соолуганы ай…

Күндөрдүн биринде ал менин буюмдарымды иштеген жериме алып келип, «Мен бөлмөнүн кулпусун алмаштырып койдум, келчү болбо» — деп, шакегимди чечип алып, артын карабай кетип калды. Жумуш күнү бүтүп бараткан эле. Кайда барарымды билбей отурсам, кесиптеш эженин мага боору ооруп, мени өз үйүнө ээрчитип барды. Ошондо кош бойлуулуктун бешинчи айында элем. Кайгыдан кантип кан кеткенин да байкабай калыптырмын. Врачтар плацента жатындан ажырап, балам аман калбастыгын айтышты.

Кийин күйөөм кечирим сурап келди. Кечиргим келген жок, бирок ал туура эмес кылганын, баарын түшүнгөнүн айтып, экинчи мүмкүнчүлүк сурады. Ошентип баягы эле сериалдын экинчи сезону башталды: ур-токмок, көз жаш, жанды кейиткен сөздөр. Мен дагы кош бойлуу болуп калдым. Бул жолу баламды кайра жоготуп алуудан абдан корктум. Үйгө, Кыргызстанга кайткым келди. Күйөөмдү буга көндүрүп жүрүп, акыры ал макул болду.

Биз кайненем менен жашап калдык, көп өтпөй ден соолугу чың бала төрөдүм. Баланын төрөлүшү күйөөмдү жакшы жакка өзгөртө тургандай сезилген, бирок бул патологиялык жүрүм-турум окшойт. Көз жарганыма бир ай болгондо, мени бир шылтоо менен катуу сабап салды, ал тургай өз апасына да кол көтөрдү. Мен эсимди жоготуп, бетиме муздак суу чачылганда өзүмө келгем. Бетим, денем көгөрүп, соо жери калбаптыр. Ошол учурда аялдын жаны темирден экенине көзүм жетти.

Анда да кетип кала албадым. Апам мени ушундай абалда көрсө, жүрөгү оорумак. Убакыт өттү, денем айыкты, бирок жаным тозокто күйүп жаткандай сезилди. Ойлорумда апамды чакырып, мени куткарып кетишин тиленип жүрдүм. Бир күнү апам күтүлбөгөн жерден эскертүүсүз келип калды. Мына керемет, мен эми мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоону чечтим. Муну кайненем да байкап калды окшойт.

Чай ичип отурганда, апама дааратканага барууга көзүм менен белги бердим. Эненин жүрөгү баарын сезет экен, эмне болуп жатканын үн-сөзү жок дароо түшүндү. Дааратканадан денемдеги көгөргөн жерлерди көрсөттүм. Мен мындан ары бул жерде кала албасымды айттым. Апам мени алып кетүү үчүн такси чакырып жатканда, кайненем баламды алып качып кетсе болобу! Ал мени ушундай жол менен токтото алышына ишенсе керек. Мен баары бир кетип калдым. Анткени, шаарга жеткенде мыйзамдуу түрдө баламды өз колума аларыма көзүм жеткен. Эртеси күйөөм үйүмө келип, баланы таштап кетти. Мен аны ошол бойдон көргөн жокмун.

Мындай травма оңою менен кетпейт экен. Менин коркок болуп калганыма, көңүлсүз жүргөнүмө ата-энем аябай сарсанаа болушкан. Алардын колдоосу менен гана бутума турдум деп айта алам. Кошумча билим алдым, жумушка орноштум, ар кандай долбоорлорго катышып жүрөм. Азыр каржылык жактан гана эмес, адамдар менен болгон мамиледе да өзүмдү эркин сезем. Өзүмдү сүйгөндү, сыйлаганды үйрөндүм, өзүмө жаккан нерсени кыла аларыма ишендим. Мен эми коркпойм.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.