Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүү үчүн БУУдан 6,7 млрд доллар өлчөмүндө грант сурады. Бул тууралуу парламенттик комитеттин жыйынында ведомствонун башчысы Динара Кутманова билдирди.
Кутманованын айтымында, гранттын эсебинен 23 көмүр менен жылытылган мештерди газга өткөрүп, үй чарбаларында энергиянын альтернативдүү булактарын киргизүү пландалып жатат.
«Энергиянын альтернативдүү булактарын (жылуулук насосторун, канада кудуктарын жана жылытуунун кошумча гибриддик формаларын — үй чарбаларына күн панелдерин активдүү колдонууну) кеңири жайылтышыбыз керек. Бул багытта долбоорлор иштелип чыкты», — деди Кутманова.
Аны менен бирге аткаминер БУУнун алдындагы Жашыл климаттык фонду мындай суммадагы арыздарды үч жыл ичинде карай турганын белгиледи. Ошондуктан Кутманова Бишкектеги ыш маселесин эртерээк чечүүнү убадалады.
Буга кошумча жаратылыш ресурстары министри ведомство Бүткүл дүйнөлүк банктан 50 млн доллар өлчөмүндө пайызсыз насыя алганын билдирди. Ал каражатты Бишкектин ирригация системасына, Кыргызгидрометти жана көмүрдүн сапатын текшерген лабораторияларды жабдууга жумшоо пландалып жатат.
Ошондой эле Кутманова 2022-жылы Финансы министрлиги экологияны коргоого бир дагы сом бөлүп бербегенин белгиледи.
«Албетте, грант жакшы. Климат, экология абдан жакшы каржыланат. Бирок ошол эле кезде эл аралык институттар ички салымды да талап кылышат. Бул механизм иштемейинче, мага эл аралык платформада климаттык күн тартибине берилгендигибизди далилдөө өтө кыйынга турат», — деди Кутманова.
Гранттын суммасы 6,7 млрд доллар экенине керек болсо минкабдын жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов да таң калды.
Гранттын бул суммасы чынында эле таң калтырат, анткени 2021-жылы Кыргызстандын ИДПсы Дүйнөлүк банк тарабынан 8,5 млрд долларга бааланган.
Ошол эле кезде Кыргызстандын тышкы карызы 4,2 млрд долларды түзөт.
Бишкектеги ыш
Жыл сайын күн сууп баштаганда Бишкекте абанын сапаты начарлап, тургундар ыштан жабыркайт. Ошондой эле Кыргызстандын борбору бир нече жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптарда келе жатат.
Бирок бийлик ыш менен күрөшүү үчүн алгылыктуу чечимдерди кабыл ала элек.
Ошентип, смог менен күрөшүү үчүн Министрлер кабинети 2021-жылдын 17-декабрында өзгөчө комиссия түзгөн. Ал жарандардын ден соолугун коргоо жана Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуунун үстүндө иштейт.
Бирок комиссияга чейин 2021-жылдын 31-мартында парламент депутаттары «Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтом кабыл алышкан. Бир жылдан кийин эл өкүлдөрү Министрлер кабинетинин Бишкектеги смогго каршы күрөшүү боюнча чараларын жетишсиз деп табышкан.
Бийлик Бишкектеги абанын булганышынын негизги себептеринин бири — транспорттордон чыккан зыяндуу газдар деп эсептейт. Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби — жеке үйлөрдү жылытуу үчүн көмүр жагуу деген изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялаган.
Ошондой эле, ЮНИСЕФ «Абанын булганышынын Бишкектеги аялдар жана балдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектисине тийгизген таасири» деген аталыштагы изилдөө жарыялаган. Изилдөөгө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасири 112 кишинин өлүмүнө алып келген. Саламаттык сактоо министрлигинен мындай сандар боюнча күмөнү бар экенин, жана так маалыматтарды сурап ЮНИСЕФке кайрылышканын айтып жооп беришкен.
Башкы беттеги сүрөт: Виталий Белошапкин