Финансы министрлиги ӨКМге алынган тик учактын баасын айтуудан баш тартты

Финансы министрлиги Airbus H145 тик учагынын баасын айтуудан баш тартты. Мекемеден документте «кызматтык колдонуу үчүн» деп көрсөтүлгөндүктөн коомчулукка жарыяланбай турганын белгилешти. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы жазды.

Мыйзамга ылайык, кызматтык колдонуудагы документтерде мамлекеттик сыр болбойт, бирок «уюмдун ишмердигине доо кетпеши үчүн» ЖМКга жарыяланбайт.

11-декабрда президенттик администрация бийлик республикалык бюджеттин каражатына ӨКМге деп жаңы Airbus H145 тик учагы сатылып алынганын билдирген.

Ошол эле маалда тик учактын баасы көрсөтүлгөн эмес, бирок ачык булактардагы маалыматка ылайык, Airbus H145 9,7 млн доллар же 824 млн сомдон кем эмес турат.

Airbus H145 тик учагын президент өзү сынап көргөн, кийинчерээк УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев аймактарды кыдыруу үчүн учуп кеткен.

Президенттик администрациядан вертолёт ӨКМдин иштери үчүн алынганын, бирок «коммерциялык максатта белгиленген каражатты төлөө менен» жеке жактар жана юридикалык жактар да колдонсо болорун белгилешкен. Мындай учуулардан түшкөн каражат өлкө бюджетине түшүп турат.

Бийлик ушул жылдын августунда жаңы Airbus H-125 тик учагын сатып алган. Мындай сатып алуунун болжолдуу баасы 2,8 млн долларды түзгөн. Анда вертолёт жана 34 атайын техника үчүн Кыргызстан 384 млн сом төлөп берген.

Бийлик кымбат баадагы сатып алууларды 2022-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 35 млрд сомду түзүп, биринчи жолу рекорддук чекке жетиши мүмкүн деп болжонуп жатканда жасаган. Каржы министрлиги дефицитти 30 млрд сомго чейин азайтабыз деп ишендирип жатат.

Мындай тартыштыктын себеби катары, кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийин Баткен облусун калыбына келтирүү жумуштары жана Украинадагы согуш шартындагы кризис айтылган.

Ошол эле маалда, депутат Дастан Бекешев мындай чоң дефицитке Тажикстан менен чек ара жаңжалы жана Украинадагы согуш гана эмес, минкабдын «эсептөөлөрү» да алып келди деп айткан. Анын айтымында, каражаттар маал-маалы менен максаттуу эмес жактарга жумшалып турган. Эң эле көрүнүктүү мисал — бул Ысык-Көл мейманканасын сүрдүрүлүшү жана президенттик администрация үчүн жаңы имараттын курулушунун башталышы болгон. Бекешевдин айтымында, минкаб 2022-жылдын акыркы айларын үнөмдөө режиминде өткөрөт.