Ташиев жаңы тик учак менен облустарды кыдырып кетти

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев ӨКМнин жакында сатып алган Airbus H145 үлгүсүндөгү тик учак менен облустардагы күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн учуп кетти. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлап, Ташиевдин тик учакта отурган сүрөтүн жарыялады.

Сүрөттө УКМКнын төрагасынын жүзүндө кубаныч болсо, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршенов терезени ойлуу тиктеп отурат.

Камчыбек Ташиев жана Уларбек Шаршеев. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Ташиев тик учак менен Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарын кыдырып, андан соң Бишкекке кайтып келери айтылды.

«УКМК башчысы бардык күч түзүмдөрүнүн кышкы мезгилге даярдыгын текшерип, чек ара коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулап, көзөмөлдөп келмекчи», — деп айтылат комитеттин маалыматында.

Ошондой эле, атайын кызматтын басма сөз кызматы Ташиев учуп кетээрде тартылган видео жарыялады. Анда төрага учкучтардын бири болушу мүмкүн болгон кишинин жанына келип, учуунун маршрутун түшүндүрүп берет.

«Элдер тик учак менен көңүл ачканы учат, биз иштегени [учабыз]», — дейт Ташиев видеодо.

11-декабрда президенттин администрациясы бийлик республикалык бюджеттин эсебинен Airbus H145 тик учагын сатып алганын, тик учактар ӨКМге өткөрүлүп берилгенин маалымдаган. Бирок сатып алуулардын баасы көрсөтүлгөн эмес, ачык маалымат булактарында Airbus H145 тик учагы 9,7 млн доллар же 824 млн сомдон кем эмес баада турат.

Airbus H145 тик учагын президент Садыр Жапаров өзү текшерип көрдү.

Президенттин администрациясынан вертолёт ӨКМдин иштери үчүн алынганын, бирок «коммерциялык максатта белгиленген каражатты төлөө менен» жеке жактар жана юридикалык жактар да колдонсо болот деп көрсөткөн. Мындай учуулардан түшкөн каражат өлкө бюджетине түшүп турат.

Бийлик ушул жылдын августунда жаңы Airbus H-125 тик учагын сатып алган. Мындай сатып алуунун болжолдуу баасы 2,8 млн долларды түзгөн. Анда вертолёт жана 34 атайын техника үчүн Кыргызстан 384 млн сом төлөп берген.

Ошоной эле октябрда «Политклиника» басылмасынын журналисттери парламенттин экс-депутаты Азамат Арапбаев ӨКМдин жаңы тик учагын тойго баруу үчүн ижарага алып учканы тууралуу жазып чыгышкан.