Бир видео менен. Жапаров менен Ташиев жаңы алынган тик учакта учушту

Президент Садыр Жапаров жакын үзөңгүлөшү, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен бирге республикалык бюджеттин каражатына ӨКМге деп сатылып алынган жаңы Airbus H145 вертолёту менен учуп көрүштү.

Президенттин басма сөз кызматы вертолёттун баасын көрсөткөн жок, бирок ачык булактардагы маалыматка ылайык, Airbus H145 9,7 млн доллар же 824 млн сомдон кем эмес турат.

Бийлик вертолёт ӨКМдин иштери үчүн алынганын, бирок «коммерциялык максатта белгиленген каражатты төлөө менен» жеке жактар жана юридикалык жактар да колдонсо болот деп көрсөттү. Мындай учуулардан түшкөн каражат өлкө бюджетине түшүп турат.

Бийлик ушул жылдын августунда жаңы Airbus H-125 тик учагын сатып алган. Мындай сатып алуунун болжолдуу баасы 2,8 млн долларды түзгөн. Анда вертолёт жана 34 атайын техника үчүн Кыргызстан 384 млн сом төлөп берген.

Буга чейин «Азаттыктын» журналисттери 2022-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 35 млрд сомду түзүп, биринчи жолу рекорддук чекке жетиши мүмкүн экенин жазышкан.

Мындай тартыштыктын себеби катары, кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийин Баткен облусун калыбына келтирүү жумуштары жана Украинадагы согуш шартындагы кризис айтылган.

Ошол эле маалда, депутат Дастан Бекешев мындай чоң дефицитке Тажикстан менен чек ара жаңжалы жана Украинадагы согуш гана эмес, минкабдын «эсептөөлөрү» да алып келди деп айткан. Анын айтымында, каражаттар маал-маалы менен максаттуу эмес жактарга жумшалып турган. Эң эле көрүнүктүү мисал — бул Ысык-Көл мейманканасын сүрдүрүлүшү жана президенттик администрация үчүн жаңы имараттын курулушунун башталышы болгон. Бекешевдин айтымында, минкаб 2022-жылдын акыркы айларын үнөмдөө режиминде өткөрөт.