Movegreen экоуюмунун башчысы Мария Колесникова «Клоопко» маек куруп, Бишкектин бийлиги эл аралык ири кредит жана гранттарды алып жатканы менен ышка каршы натыйжалуу күрөш жүргүзбөй жатканын айтып берди.
«Келгиле, ошол электр энергиясын сатып алууга алынып жаткан кредиттерди калкты газ менен камсыздоого жумшайлы. Элге субсидия берүү керек, анткени баары эле 40 миң сомго газ мешин сатып ала албайт. Элди көйгөйүңдү өзүң чеч деп таштап койгон болбойт. Кантсе да биз салык төлөөчүбүз да. Биздин салыктар кайда кетип жатат?» — деп суроо салды Колесникова.
Активист бийлик экологияны коргоо үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүшү керектигин эске салды. Анткени гранттык каражаттар, анын айтымында, ыксыз жана ачык-айкындыгы жок коротулууда.
«Грант сурап, алакан сунуп турган жетишет, болду, себеби бизде ал акчаларды ачык-айкын, отчёт берип короткон потенциалыбыз жок. Биз анын баркын билбейбиз. Балким, аткаминерлерден, бюджеттен бөлүнсө талап көбүрөөк болоттур?» — деп билдирди активист.
Ошондой эле активист калаа бийлигине берилген сунуштар жылдан жылга өзгөрбөй эле келе жатканын, бирок аларды эч ким аткарбай, шаарда ыш жагдайы ошол эле бойдон калып жатканын кошумчалады. Мисалы, калаа мэриясына абанын булгануусунун сары, кызгылт сары жана кызыл деңгээлдерин киргизүү сунушталган дейт экоактивист.
«Кызыл деңгээлде биз мэрияга коомдук транспортко артыкчылык берип, ошол күндөрү аны акысыз кылууну сунуштаганбыз. Бул кандайдыр бир коллапска деле албып келбейт эле, анткени өткөн жылы болгону үч эле күн кызыл көрсөткүчкө жеткен болчу», — деди Колесникова.
Бирок, натыйжада, Кыргызгидромет менен Саламаттык сактоо министрлиги бул деңгээлдерди берүүгө даяр эмес болуп чыкты, себеби алар эсебин чыгарып, ал үчүн жоопкерчиликтүү болуп калышмак. Анын айтымында, аталган демилгени жок дегенде пилоттук режимде киргизүүгө аракет кылып көрүү керек эле.
«Акыры эч нерсе жок. Болбосо мен бул экокеңештерге менен жыйындарга акчамды, жеке убактымды коротуп жүрөм да. Эгер мунун баары жөн эле галочка үчүн кылынып жатса, анда мен ошол коомдук кеңештерге катышууга даяр эмесмин. [...] Ошончолук жумуштардан кийин эмне жумуш аткарылды деп сураган да кишим жок. Азырынча бийликтен суроолорума жооп ала элекмин», — дейт экоактивист.
Мындан тышкары, Колесникова чиновниктер көп кабаттуу жана жеке турак жайлардын энергоэффективдүүлүк маселелери менен иштеши керек деп эсептейт. Ал электр энергиясы натыйжалуу пайдаланылганда балким Кыргызстан электр энергиясын импорттоо үчүн насыя деле алмак эмес деп кошумчалады.
Бишкектеги ыш
Жыл сайын күн сууп баштаганда Бишкекте абанын сапаты начарлап, тургундар ыштан жабыркайт. Ошондой эле Кыргызстандын борбору бир нече жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптарда келе жатат. Бирок бийлик ыш менен күрөшүү үчүн алгылыктуу чечимдерди кабыл ала элек.
Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби — жеке үйлөрдү жылытуу максатында пайдаланылган көмүр экени тууралуу изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялаган.
Ошондой эле, ЮНИСЕФ «Абанын булганышынын Бишкектеги аялдар жана балдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектисине тийгизген таасири» деген аталыштагы изилдөөнү жарылаган. Изилдөөгө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасири 112 кишинин өлүмүнө алып келген. Саламаттык сактоо министрлигинен мындай сандар боюнча күмөнү бар экенин, жана так маалыматтарды сурап ЮНИСЕФке кайрылышканын айтып жооп беришкен.
12-декабрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүү үчүн БУУдан 6,7 млрд доллар өлчөмүндө грант сураганы белгилүү болду. Ошондой эле бийлик электр энергиясын импорттоо үчүн 25 млн доллар грант алууну пландап жатат.