Ош шаарындагы 12 мектеп карантинге жабылды

Иллюстративдик сүрөт

14-декабрга карата Ош шаарындагы 12 мектепке санэпидкөзөмөл борборунун текшерүүсүнөн кийин карантин жарыяланды. Бул тууралуу «Клоопко» аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Сеит Курбаназаров билдирди.

Маалыматка караганда, окуучулардын арасында сасык тумоо көп катталып жаткандыгына байланыштуу мектептерде текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 12 мектепти карантинге жабуу чечими кабыл алынган.

Курбаназаров учурда мектептерде күн сайын мониторингдер жүргүзүлүп жатканын, жыйынтыкка жараша аларга карантин киргизилиши мүмкүн экендигин кошумчалады.

Учурда төмөнкү мектептерде 7 күндөн 14 күнгө чейин карантин жарыяланды:

  • Пушкин орто мектеби;
  • №31;
  • №32;
  • №8;
  • №24;
  • №40;
  • №47;
  • №41;
  • №54;
  • №48;
  • №12;

№3 Ломоносов мектебинде башталгыч класстар гана карантинге чыккан. Жогорку класстагы окуучулар мектепте окуп жатышат.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги окуучулардын 20%ы ооруп сабакка барбай жаткан мектептерде карантин жарыяланарын билдирген.

Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы жыйынында депутат Айбек Осмонов оору күч алгандыгына байланыштуу мектептерди карантинге жабуу сунушун киргизген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Окуучулардын 20%ы ооруп сабакка келбеген мектептерге карантин киргизилет