Окуучулардын 20%ы ооруп сабакка келбеген мектептерге карантин киргизилет

Иллюстративдик сүрөт

Өлкөдө окуучулардын 20%ы ооруп сабакка барбай жаткан мектептерде карантин жарыяланат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сасык тумоонун өлкөдө күчөшүнө байланыштуу күнүгө мониторинг кылып жатат.

Эгер мониторингдин жүрушүндө мектепте окуучулардын жалпы санынан 20% сасык тумоого байланыштуу сабакка барбай жатканы аныкталса, саламаттык сактоо жана билим берүү башкармалыктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карантин тууралуу сунуш киргизишет.

Министрликтен бүгүнкү күндө сасык тумоо көп катталып жатканына байланыштуу эл көп чогулган жерлерге барбай, санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактоо керектигин эскертишти.

13-декабрга карата Чүй облусундагы 6 мектеп карантинге жабылды.