Декабрдын башында борбор калаада күн сууктай баштады — абанын температурасы түнкүсүн 15 градуска чейин төмөндөдү. Бул дароо абанын тазалагына таасир этти — шаарды коюу ыш каптады. Журналисттер Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы кир өлкөлөрдүн сап башына чыкканын кабарлашты. Ал эми эл аралык уюмдар ыштын пайда болуу себептерин жана анын шаардыктардын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу изилдөөнү баяндап беришти.

Шаар тургундары менен активисттер калаа бийлигин да, өлкө бийлигин да ыш менен күрөштө жетиштүү чара көрбөй жатат деп сындап чыгышты. Жалпысынан аны өкмөт деле мойундаган — депутаттар 2021-жылдын мартында минкабды бул багытта алып барган иштерин жетишсиз деп тапкан.

Ыштын бар экение карабастан — жытын кадимкидей сезесиң, ал эми шаарды каптаган катмарды айрыкча тоолордон көрүүгө болот — аткаминерлер ышка каршы күрөш тууралуу талкуунун өңүтүн изилдөөнүн туура эмес жүргүзүлгөнүнө, датчиктердин так эмес маалымат берип жатканына бурууну чечишкен.

Шаардагы ыш боюнча өткөн жыйын

Жогорку Кеңеш Бишкектеги кара түтүн маселесин 15-декабрда карады. Айрым эл өкүлдөрү Бишкек дүйнөдөгү абасы эң кир делген шаарлардын тизмесине киргенинен күмөн санап жатышканын айтышты.

Мындан тышкары жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова, экоактивисттердин абанын булганышы боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнө баа берүүгө камынып жатканын билдирди. Ошондой эле ал Бишкектеги абанын булганышы боюнча изилдөө жүргүзүү ниети бар экенин да айтты.

Кутманова Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкектеги абанын булгануу себебин изилдөө үчүн Бүткүл дүйнөлүк банкка кайрылганын билдирди. Анын айтымында, кайрылуунун жыйынтыгы бир айдын ичинде чыгат. Ошол эле кезде эл аралык уюмдар эки изилдөө жарыялашты — БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү шаардагы абаны булгаган нерселер жөнүндө, ал эми ЮНИСЕФ ыштын кыргызстандыктардын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле ал MoveGreen коомдук уюму менен Кыргызгидроменттин маалыматтарынын ортосунда чоң айырма бар экенин белгилдеди.«Биз MoveGreen менен Кыргызгидроменттин маалыматтарын салыштырып көрдүк. Биз маалыматтарды түнкү 03:00дө карап чыктык. Кыргызгидромет булгануунун деңгээлин (PM2.5*) 93, ал эми MoveGreen — 2 миң 535 деп көрсөтүп жатат. Маалыматтар айырмаланып жатат. Уюм 2018-жылы өз алдынча стандартизациядан өтпөгөн 16 датчик орноткон. Алар Кыргызстан абанын булганышы боюнча биринчи турат деген маалыматты берип жатат. Биз алардын изилдөөсүнө баа беребиз», — деди Кутманова.

*Абанын индексин эсептөөдө абаны булгоочу бардык заттар эсепке алынат, алардын ичинен негизгилери бул РМ2.5 микробөлүчөлөрү. Бул бөлүкчөлөрдүн курамында көө, асфальт, унаа дөңгөлөктөрү, оор металлдардын кошулмалары, туз жана башкалар болушу мүмкүн. Мындай бөлүкчөлөрдүн массалык концентрациясы абанын сапатын жана анын адамдын ден соолугуна коркунучун баалоо үчүн негизги параметр болуп саналат.

Андан соң депутат Медербек Алиев ЖМК жарыялаган ыш тууралуу маалыматты күмөнгө коюп, аталган маалыматтар кайрадан текшерилиши керек деп айтты. Журналисттер негизинен ыш тууралуу акыркы күндөрү AirQuality интернет-ресурсунун маалыматтарына таянып жазып жатышат, ресурстун версиясы боюнча, Бишкек бир нече күн бою дүйнөдө абасы эң эле булганган шаарлардын катарын толуктаган.

Алиев өтө эле кир делген түрдүү шаарларга («тойго») барып келгенин айтып, алардын жанында Бишкек «кыйла жакшы» деп белгиледи.

Депутат Кутмановага кайрылып, ЖМК жазып жаткан булганган абанын деңгээлин ким аныктайт деп сурады. Министр бул учурда экоактивисттердин маалыматтары колдонулуп жатат деп жооп берди.

«Эгер ал компания бүткүл дүйнө тарабынан кабылданган болсо мен ишенет элем. Маселен БУУ болсо, алардын чечимдерин, чыгарган анализдерин дүйнө жүзү бүт тааныйт. Же болбосо ДССУ деп коёлу, мен аларга ишенет элем. Коомдук бирикме. Анын жетекчиси ким? Эмненин негизинде иштешет? Анан ошолор Кыргызстандын борбору дүйнөдөгү эң кир шаар деп туура эмес маалымат бергенин туура көрбөйт элем. Биз туристтердин алдында беделибиз болуп көрбөгөндөй түшүп жатат […] Кайсы гана турист болбосун Google’дан Бишкек деп жазса ушул маалымат чыгат», — деди Алиев.

Ошол эле кезде депутат калаада ыш маселеси бар экенин, аны чанууга болбосун белгиледи. Бирок ал «Бишкек дүйнөнүн абасы эң эле булганган шаарларынын үчтүгүнө кирет деген маалыматка таптакыр макул эместигин» айтты.

Бийлик Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар үстөксүз насыя ала турганын билдирген соң — каражаттын чоң бөлүгү Кыргызгидрометти жабдуулоого жумшалат — экоактивисттердин датчиктеринин маалыматтарынын туура же туура эместиги боюнча талкуу болду.Ошондой эле мурдараак Динара Кутманова парламентте ыш менен күрөшүү үчүн БУУдан 7,6 млрд доллар грант суроо керектигин билдирген — Кыргызстандын ИДПсы 2021-жылы 8,5 млрд доллар деп бааланган.

Абасы булганган шаарлардын рейтинги кантип түзүлөт?

AirQuality интернет-кызматынын сайтына ылайык, абанын булганганы тууралуу маалыматтар ар кайсы уюмдардын, анын ичинде Кыргызгидромет (23) жана Movegreen]дин (4) ар башка шаардагы датчиктеринен алынат. Алартан тышкары AirQuality башка дагы ондогон даткичтердин маалыматтарын колдонот.

IQAir сайтынан скриншот.

Movegreen да, Кыргызгидромет да «Клоопко» датчиктери сертификациядан өткөнүн, Кыргызстандагы ченөө каражаттарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилгенин жана өлкөдөгү булганууну өлчөө укугуна ээ экенин айтышты.

Movegreen’дин жетекчиси Мария Колесникованын айтымында, Бишкектеги жылытуу мезгилиндегидей булгоочу заттардын жогорку концентрациясында датчиктер бүтөлүп калат.

«Мындай бузулууларга тез арада чара көрөбүз жана датчиктердин чыпкаларын тазалайбыз. Маалыматты талдоодо аныктамалар 2000ден ашып кетсе же көрсөткүч төмөндөп кетсе аналитикага жана сезондук отчетторго кошпойбуз», — деди ал.

Кыргызгидрометтин айлана-чөйрөнүн булганышына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Людмила Нышанбаеванын айтымында, Кутманованын Кыргызгидрометтин датчиги бирди, Movegreen’дики башканы көрсөткөнү тууралуу салыштыруусу — туура эмес.

«Ал дитчиктер жанаша турган эмес, ошондуктан алардын параллелдүү өлчөөлөрүн салыштырууга болбойт», — деп белгиледи ал.

Аны менен катар, Нышанбаева AirQuality кантип иштээрин эч ким билбейт дейт. Анын айтымында, бул система орточо суткалык көрсөткүчтү эмес, датчик көрсөткөн эң жогорку көрсөткүчтү эсепке алат.

«Мисалы, кимдир бирөө көчөдө 10 мүнөт датчиктин жанында унаасын жылытат. Бул убакытта көрсөткүч аябай жогорулайт. Унаа жылыган соң датчиктен алыстап, баары өз нугуна түшөт, бирок ошол концентациялар сайтта Бишкек шаарындагы эң жогорку көрсөткүч катары катталат. Алар маалымат кайсыл бир аймакка орнотулган белгилүү бир убакыттагы конкреттүү датчиктики деп айтышпайт. Анын ордуна Бишкекте датчик ушул убакытта баланчаны көрсөттү жана ал БДСУнун нормасынан 15 эсе жогору деп жазышууда», — дейт ал.

AirQuality’нин сайтында бардык маалыматтар жарыяланганга чейин маалыматтарды текшерүү системасынан текшерилери айтылат. Мындай текшерүүнүн бир мисалы, система станциядан келген ар кандай потенциалдуу аномалияларды аныктайт (мисалы, бир саат ичинде PM2.5 концентрациясынын 10 мкг/м 3 төн 100 мкг/м 3 кө чейин капыстан көтөрүлүшү). Эгер ушул сыяктуу аябай жогорулап кетүү аныкталса, ал жогорулоо репрезентативдик же аномалдуу экенин текшерүү үчүн, жакын жердеги өлчөөлөр менен салыштырылат. Текшерүү учурунда тарыхый модулдар жана аба ырайы сыяктуу башка да параметрлерди текшерүү иштери аткарылыт.

Movegreen’дин жетекчисинин айтымында, IQAir системасы туура эмес иштеп баштаган датчиктердин маалыматтарын автоматтык түрдө кошпой тургандай жасалган.

«Ошол себептен андай дакчиктердин көрсөткүчү рейтинг түзүүгө эч кандай таасир этпейт», — дейт ал.

БУУ жана ЮНИСЕФтин изилдөөсү эмне жөнүндө?

Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ыш тууралуу изилдөөсү менен тааныштырган, ага ылайык, жеке үйлөрдү жылытуу максатында пайдаланылган көмүр Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби болуп эсептелет.

«Кыргызстанда үй чарбаларынын 70%ы көмүр менен жылытылат, бул майда, өтө эле кооптуу катуу бөлүкчөлөрдүн концентрациясын чыгарат — РМ2.5. Бул микроскопиялык бөлүкчөлөр өпкөдөгү тоскоолдуктардан өтүп, кан айлануу системасына кирет да, мисалы, жүрөк кан-тамыр, дем алуу органдарынын жана өпкө рагы ооруларын пайда кылат», — деп айтылат изилдөөдө.

Изилдөөчүлөр Бишкек ЖЭБи абанын булганышына олуттуу деле таасир этпегенин аныкташкан — 2 метр бийиктикте PM2.5 менен PM10дун* катуу бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы болгону 1%.

*РМ10 — бул диаметри 10 микрометр же андан да азыраак болгон абадагы, анын ичинде түтүн, чаң, көө, туздар, кислота жана металлдардан турган түрдүү катуу бөлүкчөлөр.

Изилдөөнүн отчётунда эгер чара көрүлбөсө, 2040-жылга барып абаны булгаган негизги заттардын концентрациясы кыйла өсөрү күтүлөрү айтылат. Тактап айтканда, PM2.5 чыгындысы 60%га көбөйөт, бул көбүнесе үй чарбаларын жылытууда бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарга байланыштуу болот.

Изилдөөдө абаны булгоочу заттарды кантип азайтса болору тууралуу да сунуштар берилген. Турак жай секторунда жылуулук насостору сыяктуу көмүргө караганда арзан, таза альтернативаны жайылтып, натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча чараларды күчөтүүгө болот. Транспорттук тармакта күйүүчү майдын стандарттарына талаптарды күчөтүү, ал эми энергетика тармагында энергиянын кайра жаралуу булактарынын потенциалын жигердүү пайдалануу сунушталат.

Ошондой эле, ЮНИСЕФ жакында «Абанын булганышынын Бишкектеги аялдар жана балдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектисине тийгизген таасири» деген аталыштагы изилдөөсүн жарылаган.Изилдөөгө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасири 112 кишинин өлүмүнө алып келген. Бийлик азырынча ЮНИСЕФтин гана изилдөөсүнө комментарий берген. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинен мындай сандар боюнча күмөнү бар экенин жана так маалыматтарды сурап ЮНИСЕФке кайрылышканын айтышкан.