«Эсин жоготуп, кусуп жатат». Ачкачылык жарыялаган абактагы Нарматованын абалы кескин начарлап кетти

Ачкачылык жарыялаган абактагы экс-депутат, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын абалы ашказан жарасынан улам «кескин начарлап» кетти. Бул тууралуу укук коргоочулар адвокат Чынара Жакупбековага таянып фейсбук барагына жазып чыгышты.

«Алсыздык, оозуна тынымсыз ачуу келип кусуп, эсин жоготуп, араң кыймылдап жатат», — деп белгилешти алар.

16-декабрда укук коргоочу Азиза Абдирасулова Нарматова эсин жоготуп жыгылганын, дарыгерлер ага оору басаңдатуучу дары сайышканын жазган. Анын айтымында, Нарматова ачкачылык жарыялаган үч күн ичинде төрт килограммга арыктап кеткен.

Биринчи май райондук соту 13-декабрда Орозайым Нарматова, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова жана Рита Карасартованы 20-февралга чейин камакта калтырган.

Ошол эле күнү кармалгандар ачкачылык жарыялаган. Аларга 20-февралга чейин камакта калтырылган экс-депутат Бектур Асанов, УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев жана активист Улукбек Маматаев да кошулган.

Ал эми Нарматова 27-октябрда Москва шаарынан кармалып, активист Илгиз Шаменов менен бирге Бишкекке жеткирилген. Шаменов Нарматова экөөнө «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен иш козголгонун маалымдаган. Кийинчерээк Нарматовага «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси менен айып тагылганы маалым болду.

ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектеп дээрлик 30га жакын активист жана саясатчыларды кармаган. Сот аларды эки айга камакка алган. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Тема боюнча:

«Бийликти күч менен басып алууга чакырган». Орозайым Нарматова камакта калтырылды