Сооронкулова, Суранова, Карасартова жана Асанов саясий ачкачылык жарыялашты

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, активист Перизат Суранова, укук коргоочу Рита Карасартова жана экс-депутат Бектур Асанов ТИЗОдогу бөгөт чарасын 20-февралга чейин узартуу чечимине жооп кылып саясий ачкачылык жарыялашты. Алар ачкачылыкты 14-декабрдан башташат.

Сооронкулованын айтымында, айыптоочулар бийликти басып алуу максатында башаламандык уюштуруу боюнча оорураак беренени тагууга аракет кылышууда.

«Азыр Кыргызстанда массалык репрессиянын жылы болуп калды! Садыр Жапаровдун бийлигинин учурунда массалык репрессияга кабылган, алардын арасында саясий туткун айымдар болгон деген нерсе тарыхта түбөлүк калат. [...] Азыр [айыптоочулар] силер массалык башаламандыкты бийликти басып алууу максатында уюштургансыңар деп жазып атышат. Иш жүзүндө али беренени коюша элек, бирок айыптоолор оорлоп баратат. Болгону “күнөөңөрдү мойнуңарга алгыла” деп жатышат», — деди Сооронкулова.

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, соттун чечими угузулгандан кийин Суранованын апасынын абалы начарлап кеткен. Ал Суранованы конвойндук комнатага алып баратышканда эс учун жоготуп кулап, тез жардам чакыртылган.

Сүрөт: АКИpress

Ал эми Бектур Асанов сотто журналисттерге кармалгандарга карата коюлуп жаткан айыптоолордун бардыгын негизсиз деп айтты.

«Аялдар баары [ачкачылык] жарыя кылышты. Биз, эркектер да эртең менен (14-декабрдын) баштайбыз [...] Аялдарды чыгарыш керек, мен ошону сурандым азыр; аялдарды жана аксакалыбыз бар, Абылов деген, өтө оор орукчан экен, менин жанымда коңшу ка мерада. [...] Бардыгы жалган, бардыгы абсурд (Кемпир-Абад боюнча иште). Кыргызстанда азыр жөн эле кофе ичип чогулсаң да болбой калды окшойт», — деди ал.

Асанов мурда, 2018-жылы «бийликти күч менен басып алууга» айыпталган учурунда дагы ачкачылык кармаган. Анда ал үч аптадан ашык чыдаган. Сот отурумдарынын биринде абалы оорлоп, тез жардам чакырылган.

Кемпир-Абад иши боюнча дагы кимдер камакта калтырылды?

Кемпир-Абад иши боюнча камакта калтыруу чечими башка фигуранттарга карата да чыгарылды. Алардын арасында БШКнын мурдагы өкүлү Гүлнара Журабаева, экс-депутат Асия Сасыкбаева, саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров жана Равшан Жээнбеков, активист Эрлан Бекчоро жана блогер Атай Бейшенбек бар.

12-декабрда Биринчи Май райондук соту активисттер Акыл Айтбаев, Илгиз Шаменов, Чынгыз Капаров, Айданбек Акматов, Али Шабдан, Айбек Бузурманкулов жана Марат Баязовду 20-февралга чейин ТИЗОдо калтырылган.

Өзбекстан менен макулдашуу

Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин ратификациялоо жөнүндөгү жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргеликте башкаруу тууралуу мыйзамга кол коюшкан.

Келишимге Садыр Жапаров 29-ноябрда, ал эми Шавхат Мирзиёев — 30-ноябрда кол койгон.

Эки өлкөнүн президенттери кол койгон документтерди талкуулоо Кыргызстанда ири чуулар менен коштолгон.

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын берилиши өлкө үчүн пайдалуу болот деп ишендирген. Бирок жергиликтүү тургундар, ошондой эле активисттер жана саясатчылар ага каршы чыгышкан.

Бир катар жергиликтүү тургундар Кемпир-Абад Өзбекстанга берилсе кыргызстандыктар суу сактагычка жеткиликтүү болбой калат жана жарандар өзгөн күрүчү айдалган тааланы колдоно албай калат деп чочулашкан.

Талкууланган документтер суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун өзүндө, ошондой эле өлкөнүн ири шаарларында да — Бишкек менен Ошто митингдер менен курултайлардын өтүшүнө себепчи болгон.

Жапаров саясатчылар менен активисттердин массалык камалышы боюнча комментарий берип жатып, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «ойлондурбайт» деп билдирген. Президенттин айтымында, алар суу сактагыч маселесин бийликке келүү максатында гана колдонуп жатышат.