Мурдагы депутат, активист Орозайым Нарматова Москвадан кармалганы айтылды

Мурдагы депутат, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Нарматованын жакындары тастыкташты.

Ал эми ИИМ жана тиешелүү органдар азырынча маалымат бере элек. Нарматова мурдараак өзүнүн фейсбугунда пост жазып, «бул дүйнөнүн ыпластыгынан, саткынчылыгынан, коркоктугунан жана адамдык абийирин кечип койгонунан тажадым» деп билдирген болчу.

Орозайым Нарматова өлкөдөгү окуяларга пикирин активдүү билдирип, бийликти сындап келген. Ошондой эле ал Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө берилишине каршы чыккандардын бири.

Нарматова Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына Бүтүн-Кыргызстан партиясы менен келип, депутат болуп шайланган. Бирок УКМК Нарматова дипломун мыйзамсыз алганын билдирип кылмыш-ишин козгогон.

Кийинчерээк БШК Нарматованын талапкер катары каттоосун жана мандатын жокко чыгарган.

Нарматова 2021-жылдын 10-сентябрнда таңкы саат беште Ош эл аралык аэропортунан кармалган. Активист Ошко агасынын сөөгүн алып келип, жерге берип, кайра Орусияга кайтып жаткан болчу.

Анда ИИМден активист бийликти сындап жүргөнү үчүн кармалды деп ачык эле айтышкан. Ага «Улуттар аралык, рассалык, этносттук, диний багытта кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылган.

Акыркы аптадагы жапырт кармоолор жана камоолор

ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектеп 20дан ашык активист жана саясатчыларды кармады, үйлөрүн тинтүүгө алды. Сот аларды эки айга камакка алды.

Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

24-октябрда аларды бошотууну жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылып Ош жана Бишкек шаарларында жарандык активисттер тынчтык акцияларына чыгышты. Ошол эле учурда Өзгөн шаарында 300гө жакын киши митинг уюштуруп, алардын кармалганын колдоп, «бийликке ишеним артууга» чакырышты.

Ал эми жапырт кармалгандардын дээрлик баары эки айга камакка алынды. Жарандык коом бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда.