Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамды кайра иштеп чыга турган топ түзүлөт

«Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү» мыйзамды кайра иштеп чыгуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу президенттин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушев «Улуттук диалог — уюмдардын жана ассоциациялардын эркиндик укугу» аталышындагы тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, топтун курамына активисттер жана көзкарандысыз юристтер кире алат. Ал жумушчу топко талапкерлерди коомчулук 15-январга чейин көрсөтүшү керектигин кошумчалады.Парламент депутаты Исхак Масалиев мыйзам долбоордун коомдук талкуусу жарым жылга жылганын билдирди. Ошол эле кезде эл өкүлү, бейөкмөт уюмдардын укуктары тууралуу токтолуп, өлкөдө жада калса адам укуктары «бир тыйынга татыбайт» деп айтты.

«Негизи коммерциялык эмес уюмдардын укуктары жөнүндө сөз кылып жатабыз, бирок кайсыл укуктар? Бизде адам укуктары бир тыйынга да татыбайт. Адамдар сот чечими жок эле кармалганда кайдагы укуктар? Соттун чечими, тергөөсүз эле өлкө башчысы жана анын командасы тарабынан айыптуу деп табыла береби? Сөз үчүн камай беришеби?» — деп суроо салды депутат.

Ал эми кесиптеши Жанар Акаев соңку жылдары парламент жарандардын укуктарын чектеген көптөгөн мыйзамдарды кабыл алууда дейт.

«Бейөкмөт уюмдардын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк бергендин ордуна аларды жаап жатабыз. Депутаттар менен да сүйлөшөбүз», — деди Акаев.

Ушул эле тегерек столдо юстиция министри Аяз Баетов мамлекеттик кызматкер болгону үчүн бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга комментарий берүүдөн баш тартты. Анткен менен Баетов Юстиция министрлиги долбоорго киргизилген өзгөртүүлөр боюнча корутундусун берерин кошумчалады.

Буга чейин юристтер менен укук коргоочулар президент Садыр Жапаровго кайрылып. бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун «Конституцияга жана эл аралык милдеттенмелерге каршы келет» деп артка чакыртып алууну суранышкан.

Андан тышкары, Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) жана Жарандык коомдун глобалдык CIVICUS альянсы да кыргыз бийлигин мыйзам долбоорун артка чакыртып алууга чакырган.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамды президенттин администрациясы ноябрда коомдук талкууга чыгарган.

Документке ылайык, коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар эми милдеттүү түрдө Юстиция министрлигинде каттоодон өтүшү керек, ал эми уюмдардын ишмердүүлүгүн толугу менен Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги көзөмөлгө алышат. Бийликтин пикиринде, мындай жол менен мамлекет өз кызыкчылыктарын «бейөкмөт уюмдардын уставдык эмес жана мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн коргой алат».