Абактагы активист Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурумдарды УТРКдан түз эфирде көрсөтүүнү талап кылды

«Массалык башаламандык уюштурууга» айыпталып кармалган активист Атай Бейшенбек «СИЗО_book» долбоорун баштап жатканын билдирди. Анда ал абактан кат жазып, өз ойлору менен бөлүшүп турат.

«Адвокат аркылуу байланышты түзүү менен командабыз менен активдүү социалдык жашоого сапар алуудабыз», — деп жазды ал.

Атайдын биринчи каты өзүнүн Фейсбук барагына жарыяланды. Анда активист өз ойлору менен бөлүшүп, ошондой эле бийликке талабын айтты.

«Курултайда дагы 17-декабрдагы маекте дагы Садыр Жапаров: “Мен аларды кыйнап, колдорунан жетелеп барып ошол [Кемпир-Абад боюнча] жыйынга катыштырыптырмынбы” деди. А катышпагандарчы, керек болсо комитет мүчөсү болбогон мени эмне камадыңар?» — деп суроо салды активист.

Ошондой эле ал активист жана саясатчылардын сот отурумдарын ачык өткөрүп, ага журналисттердин катышуусу керектигин айтты. Активист сот отурумдарын УТРКнын түз эфиринде көрсөтүүнү талап кылды.

«Эл көрсүн, талдасын! Баары ачык болсун,жашырбагыла! […] Маегиңизде биздин бир катабыз — башынан ачык талкуу кылбаганыбыз деп моюнга алыпсыз, рахмат! Мен дал ошол талапта башынан туруп, бийлик өткөргөн жашыруун жыйындарга катышкан эмесмин! Элге ачык айткыла дегеним үчүн камадыңар!» — деп жазды ал.

Блогер жана жарандык активист Атай Бейшенбек коррупцияга каршы, сөз эркиндиги үчүн жарандык коомдун митингдерине активдүү катышып келген.

Активист 2022-жылы октябрдын орто ченинде президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков WhatsApp аркылуу коркутуп жатканын кабарлаган. Орунбеков коркутканын четке кагып, Бейшенбекке «эскертип коёюн» дегем деп билдирген.

Активист соцтүйүндөр аркылуу мыйзамсыз иш-аракеттерди сындап келген. Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине дагы каршы болгон. Кармоо учурунда Бейшенбек Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болбогонун жана анын жыйындарына катышпаганын айкан.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы сындарга байланыштуу кармоолор

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан жана аны коргоо үчүн комитет түзгөн активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алган. Ошол эле күнү 22 кишини кармап кеткен, кийинчерээк алардын саны 27ге жеткен (экс-депутат Канат Исаев гана башка иш боюнча кармалган).

ИИМден аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылганын билдиришкен. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-октябрга караган түнү алардын баш коргоо чарасын караган. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Кийинчерээк кармалгандардын дээрлик бардыгынын ТИЗОдогу мөөнөтү 2023-жылдын 20-февралына чейин узартылган.

Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт» деп айтып, «алар суу сактагыч маселесин бийликтин бир жерине илинип калсам деген ойдо пайдаланып жатышат» деп айткан.