Парламент экс-президенттерди артыкчылыктарынан ажыратуу сунушун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин 21-декабрдагы жыйынында «Кыргызстандын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Бул тууралуу парламенттин сайтына маалымат жарыяланды.

Талкуу маалында депутат Сеид Атамбаев президенттик мөөнөтүн толук аткарбаган мамлекет башчыларына экс-президент деген наам берилбеши керектигин айтты. Ошондой эле ал, экс-президент наамы беш жылдык мөөнөткө гана берилиши керек деп белгиледи.

«Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун депутат Жеңиш Токторбаев 6-декабрда айтып чыккан.

Депутат мындай чаралар бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында керектигин белгилеген.

Учурда экс-президенттик макам Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевада гана бар. Буга чейин жарандар аларды аталган макамдан ажыратуу үчүн кол топтоп башташкан.

Ал эми мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев, Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев бул макамдан ажыратылган.

«Экс-президент өмүр бою күзөт менен толук өлчөмдө камсыз болот. Экинчиден мамлекеттик үйлөр өмүр бою пайдаланууга берилет. Аэропорттордогу жана башка бекеттердеги расмий залдарды пайдаланат. Акысыз медициналык тейлөө менен камсыздалат. Экс-президент белгиленген президенттик маянанын 75%ын алат [...] Мамлекетибизде беш президент иштеп кетти. Бирок алардын бири дагы жарды, кембагал, айдаганга унаасы жок, жашаганга үйү жок президентти көргөн жокмун. Муну коомчулук жакшы эле байкап турат. Андан тышкары, президент гана эмес, анын тегерегиндеги бир туугандары, айланасында жүргөн кишилер, жада калса шопурларына чейин аябай байып кетишкен», — деп билдирген депутат.

Депутат экс-президенттерге жана алардын үй-бүлөөсүнө берилген мамлекеттик күзөт, кызматтык унаа, акысыз медициналык тейлөө жана уюлдук байланыштарды алып салууну сунуштаган.

Ошондой эле Токторов мурдагы мамлекет башчыларга мамлекеттик резиденцияда жашоого тыюу салууну да сунуштаган. Киргизилип жаткан түзөтүүлөргө ыдайык, Жогорку Кеңештин, минкабды төрагасы, Жогорку сот жана Конституциялык соттордун төрагасы менен башкы прокурор коммуналдык кызматтарды өз каражаттарынан төлөйт.

«Эгер азыр чара көрбөсөк 20-30 жылдан кийин экс-президенттер резиденцияга батпай калышат, ал эми резиденция экс-президенттердин шаарчасына айланып калат», — деп белгилеген депутат.