Депутат Токторбаев экс-президенттерди айрым артыкчылыктардан ажыратууну сунуштады

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев экс-президенттерди кээ бир артыкчылыктардан ажыратууну сунуштады. Мыйзам долбоору 23-августта парламенттин сайтында коомдук талкууга чыгарылды.

Депутат бул долбоору менен экс-президенттерди мамлекеттик дача жана байланыш кызматтарын колдонууну мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну, ошондой эле аларга мамлекеттик күзөт жана коммуналдык кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик бюджеттен каржылоону токтотууну сунуштады.

Документке ылайык, экс-президент жаңы шайланган президент кызматына киришкен учурдан тартып бир айдын ичинде мамлекеттик резиденциянын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну токтотушу керек. Ошондой эле экс-президент мамлекеттик күзөттү өз эсебинен гана пайдалана алары айтылат.

Депутат мындай чаралар бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында керектигин белгиледи.

«Дүйнөлүк практикага кайрыла турган болсок, Түркия экономикалык кубаттуулугу боюнча дүйнөдөгү жыйырма мамлекеттин катарына киргендиктен, Түркиянын экс-президенттери бардык артыкчылыктардан жана кепилдиктерден пайдаланса болмок эле, а бирок Түркиянын экс-президенттери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин, мамлекеттин эсебинен пенсия гана алышат. Ушундай эле практика Украинада да калыптанган, 2014-жылдан бери бийлик мурдагы бардык чиновниктер үчүн жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды жокко чыгарганын жарыялаган», – деп айтылган документте.

Учурда экс-президенттик макам Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевада гана бар. Буга чейин жарандар аларды аталган макамдан ажыратуу үчүн кол топтоп башташкан.

Ал эми мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев, Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев бул макамдан ажыратылган.

Мыйзамга ылайык, экс-президенттер өмүр бою мамлекеттик күзөт менен камсыз кылынат, ошондой эле мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдаланууга алышат. Ошондой эле экс-президент аэропорт жана аэровокзалдардын, анын ичинде темир жол вокзалдарынын расмий делегацияларга арналган залдарын, андан тышкары, мамлекеттик байланышты акысыз пайдаланууга укуктуу.

Пенсия курагына жеткенче экс-президент президенттик айлык маянанын 75 пайыз өлчөмүндө ай сайын өмүр бою акчалай каржы алууга укуктуу.