Кыргызстандын экс-президенттерин макамынан ажыратуу кимдерге пайдалуу? — Deutsche Welle

Deutsche Welle басылмасы Кыргызстандын мурдагы президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеваны экс макамынан ажыратууну каалагандар бар деген материал чыгарды. «Клооп» бул материалды кыргызчалап, окурмандарга сунуштайт.

«Аларды кол тийбестигинен ажыратууга ким жана эмне үчүн кызыкдар?» — басылма ушул суроого жооп издеп, бул учурдагы президент Садыр Жапаровго пайдалуу болушу мүмкүн деген тыянакка келген.

«Кыргызстанда Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу үчүн кол топтолуп жатат. Экөөнү тең, кыргыз басылмалары жазышкандай, алар башкарып турган убакта республика “жол берилгис чыгымдарды тарткан” деп айыпталууда. Бул демилгени жергиликтүү блогер алып чыккан. Бирок бул чындыгында эле жеке мүнөздүүбү же анын артында өлкөнүн жаңы жетекчилеринин кызыкчылыгы турабы?» — деп ой толгойт Deutsche Welle басылмасындагылар.

Өлкөнүн мурдагы беш башчысынын экөөнүн гана экс-президент макамы бар. Макам аларга бир топ жеңилдиктерди жана кылмыш жоокерчилигине тартылуудан коргойт. Көз карандысыздыкка ээ болгондон кийинки республиканын алгачкы лидери Аскар Акаев, аны тактан кулаткан Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаев — Бакиевдин режиминин кыйроосуна алып келген 2010-жылдагы революциянын лидерлеринин бири — өздөрүнөн кийин келген өлкө башчылары тарабынан экс макамдарынан ажыратылган.

Чыгыш европалык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун эксперти (ZOiS) Беате Эшменттин айтымында, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө президенттердин иммунитети бар, бирок алар андан кол жууп калышы мүмкүн.

«Кыргызстандын өзгөчөлүгү ал жерде экс-президенттерди макамынан, анын ичинде иммунитетинен ажыратуу — бул кадимки эле көрүнүш болгонунда», — деп эсептейт ал.

Ошол эле учурда, Deutsche Welle Сооронбай Жээнбековго экс-президент макамы жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун буйругу менен берилгенин баса белгилеген.

«Эл президент кетсин деп, ага экс-президент макамын берүүгө да каршы болушту. Бирок мен баарын мойнума алып, экс-президент макамын бердим. Экөөнү кубалап жибердик, бирөөсүн түрмөгө тыктык. Муну да кубалап жиберсек же түрмөгө тыксак мындан кийин деле ушундай көрүнүш улана бербесин деп, атайылап ырым кылдык», — деген ал 2020-жылы ноябрда.

Жээнбековго берилген белги

Баете Эшмент чын чынына келгенде, Садыр Жапаров Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигинен бошотмок эмес деп эсептейт.

«Жээнбеков дагы өзүнөн мурунку президент Атамбаевди куугунтуктабайм деп билдирген, бирок бул боло турчу нерсе экени түшүнүктүү болчу. Жээнбеков деле акыркы апталарда Жапаровдун ачуусуна тийе тургандай эч нерсе жасаган деле жок. Мени көбүн эсе, Жээнбеков ушунча көп убакыт бою өлкөдө калганы таң калтырып жатат», — дейт немис эксперти.

*Сооронбай Жээнбеков 2-февралда Меккеге кеткен. Расмий себеби — кичи ажылык.ZOiS эксперти дагы бир жагдайга көңүл бурган — Жээнбеков маанилүү статусунан ажыратылышы мүмкүндүгү кичи ажылыкка кеткенде айтыла баштаган.

Анын пикиринде, бул Жээнбековго кайра өлкөгө «кайтып келбей эле кой» деген кыйытма болушу мүмкүн.

Кризистик кырдаалдарды изилдөө борборунун (CSRC) саясат таануучусу Наталья Харитонова бул версия бери дегенде көңүл бурууга арзыйт деп эсептейт.

«Кыргызстанда бийлигин тамырлатканга үлгүргөн буга чейинки президенттердин бири дагы (Отунбаева — бул тизмеге кирбейт, анын артында күчтүү, үй-бүлөлүк, же аймактык топтор турган эмес) экс-президент макамын сактап калган эмес. Алардын ар бирине карата кылмыш иши козголгон», — дейт эксперт.

Харитонова Жээнбековго «Атамбаевдин тагдырын кайталагандан» көрө, Меккеде же дагы башка жакшы жерде калганыңыз эле оң деген белгинин берилишин логикалык жактан туура деп эсептейт.

Эксперт жаңы бийлик республиканын саясий ландшафтын түп-тамырынан кайра түзүүнү чечкен деп боолголойт: парламенттик республиканы президенттикке алмаштырып, анын ичинде Садыр Жапаровдун ыйгарымдарын болушунча кеңейтип, «кадрларды тазалап», ал эми бийликтин ар кыл тармагында бошогон орундарга УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин адамдарын дайындап жатышат.

Ошондой эле, саясат таануучу республиканын жетекчилиги коррупция менен күрөшүүнү жамынып, жеке тараптар менен айрым чиновниктердин гана эмес «таасирдүү институттардын колу-бутун байлаган» кылмыш иштерин козгошу мүмкүн деген оюн билдирген.

«Жээнбековдун өзүнө кошуп анын адамдарын дагы “тазалоо” — айдан ачык тактика», — дейт Харитонова.

Экс-президент Роза Отунбаева кимге жана эмнеси менен коркунучтуу?

Ал эми экс-президент Роза Отунбаеваны экс макамынан ажыратууга келе турган болсок, бул идеянын артында арканды узун таштаган стратегия жатат деп эсептейт Харитонова.

«Жаңы президенттин командасы өлкөнү узак убакыт башкарууну паландап жатат. Бирок ошол эле Ташиевге салыштырмалуу Садыр Жапаровдун эл арасында кадыр-баркы, же бийик моралдык макамы дагы жок. Анын чет өлкөдө, өзгөчө Батышта саясий салмагы жок. Анан калса сырткы байланышка багытталган Кыргызстандын саясий жана бизнес-элитасынын өкүлдөрүнүн арасында дагы таасири жок», — дейт саясат таануучу.

Анын айтымында, эч нерсеге карабай, мындай кадыр-баркка Роза Отунбаева ээ. Ал эми Отунбаеваны экс-президент макамынан ажыратуу сөздөрдүн артында Жапаровдун карапайым эл менен кыргыз элитасындагы «отунбаевдик чөйрөнүн» ортосуна жик салып, өзүнүн «элдик бийлигинин» өкүлдөрүн аларга каршы коюп, балким келечекте Отунбаеваны өлкөдөн сүрүп чыгарып, же сот жообуна тартуу максаты болушу мүмкүн.

Өлкөдө бийик моралдык кадыр-баркы бар саясатчы Садыр Жапаровго орчундуу коркунуч келтириши мүмкүн экенин ZOiS борборунун эксперти Беате Эшмент дагы кубаттайт. Бирок ал Отунбаева жогорудагыдай талаптарга туура келген саясий фигура экенинен күмөн санайт.

«Аны ар дайым Кыргызстанда караганда Батышта көбүрөөк баалашчу. Ал буга чейинки жылдарда саясий чыр-чатактарга көп аралашпай, өзүн «таасирдүү айымдын ролунда» көрүп келди. Балким, анын жаңылыштыгы ушулдур», — деп билдирген Эшмент.

Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттеринин мисалында

Ошондой эле, Эшменттин айтымында, Садыр Жапаровдун командасы өлкөнүн жашоочулары үмүттөнүп жаткан өзгөрүүлөрдү жасап, аны менен өзүнүн кадыр-баркын жогорулата албайт.

Ал жакынкы жылдары бакубат жашоого, инфраструктураны жакшыртууга жана билим берүү жаатында чоң мүмкүнчүлүк жок деп эсептейт, анткени өлкөдө мунун баарына каражат жок.

«Демек бийликте көбүрөөк калуу үчүн Жапаров Эмомали Рахмон же Гурбангулы Бердымухамедовдун мисалында, бир топ ири оппозицияны жок кылышы керек. Жаңылыктарга караганда, ал буга чейинки президенттерге салыштырмалуу аларды болушунча кысып жаткандай», — деп кошумчалаган ZOiS.

Ошол эле мезгилде, Беате Эшменттин пикиринде, бийлик өлкөнү туңгуюкка кептеген «элге каршы саясаттын күнөөкөрүн» табуу маанилүү — бул жерде бир гана Роза Отунбаева жөнүндө кеп болгон жок.

«2020-жылдын октябрь айынын башында, өлкөдө бийлик алмашкандан кийин, элитанын бардык өкүлдөрүнүн кетишин талап кылгандар көп болгон. Садыр Жапаров учурунда бийликте тургандарга каршы болгондордун популисттик маанайы өтө жакшы колдонду. Ал өзүн түрмөдөн чыккан элдин өкүлү катары алардын талаптарын ишке ашыра турганын айтты», — деп түшүндүрдү саясат таануучу.