USAID Бишкектеги абанын сапатын жана экологияны жакшыртууга жардам берет

АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Бишкектеги абанын сапатын жана экологияны жакшыртуу боюнча атайын долбоор иштеп чыгат. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, бул маселе 20-декабрда Кыргызстандын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаевдин АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин администраторунун орун басары Анжали Каур менен жолугушуусунда талкууланды.

Бирок, элчиликтен пландалып жаткан долбоор тууралуу толук маалымат беришкен жок.

Бишкектеги ыш

Жыл сайын күн сууп баштаганда Бишкекте абанын сапаты начарлап, тургундар ыштан жабыркайт. Ошондой эле Кыргызстандын борбору бир нече жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптарда келе жатат.

Акыркы айда аткаминерлер менен саясатчылар ыш темасын кайрадан активдүү талкуулап жатышат. Бирок азырынча бул талкуулар Бишкектин мэри Эмил Абдыкадыров жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы кызматтан кетирүү сунушу же абанын кирдешин ченеген датчиктердин тактыгына күмөн саноо менен аяктап жатат. Ал эми президент өз кезегинде «желим жана чүпүрөк жагып жаткан» мончолордун ордуна жаңы мончолорду курууну сунуштаган.

Ал арада декабрдын башында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүү үчүн БУУдан 6,7 млрд доллар өлчөмүндө грант сураганы белгилүү болду.

Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби — жеке үйлөрдү жылытуу максатында пайдаланылган көмүр экени тууралуу изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялаган. Ошондой эле, бийлик абанын булганышынын негизги себептери катары сапатсыз көмүр, күйүүчү майларды атаган.

Жакында ЮНИСЕФ «Абанын булганышынын Бишкектеги аялдар жана балдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектисине тийгизген таасири» деген аталыштагы изилдөөнү жарылаган.

Изилдөөгө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасири 112 кишинин өлүмүнө алып келген. Саламаттык сактоо министрлигинен мындай сандар боюнча күмөнү бар экенин, жана так маалыматтарды сурап ЮНИСЕФке кайрылышканын айтып жооп беришкен.

Башкы бетте архивдик сүрөт: Михаил Дудин.