Бир видео менен: Баткендеги балдар президентке гимн ырдап беришти

Президент Садыр Жапаров 24-декабрда Баткен облусуна иш сапары менен барды. Баткендеги жаш балдар өлкө башчысына гимн ырдап беришти.

Президенттин басма сөз кызматы жарыялаган видеодон Жапаров балдарды «Азатамсыңар!» деп мактап, чогуу сүрткө тушкөнүн көрүүгө болот.

Жапаров азыркы тапта Баткендеги айылдарды кыдырып, Кыргызстан менен Тажистандын ортосундагы куралдуу жаңжалда кыйраган үйлөрдүн курулушу менен таашынып жүрөт. Ал тиешелүү органдаргы курулуш иштерин тездетүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, жаңжалдын кесепетинен 661 үй жабыркаган, алардын 423ү жашоо үчүн жараксыз абалда, ал эми 238и оңдоп-түзөөгө муктаж.

Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттык сактоо мекемеси, 15 административдик мааниге ээ имарат, бир көпүрө, 197 турак-жай, 337 сарай жана 61 автоунаа талкаланган.

22-сентябрда президент Садыр Жапаров суук түшкөнгө чейин кыска убакытта жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүнү, ал эми толугу менен кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын курууну тапшырган болчу.

Бирок баткендиктер бийлик бүгүнкү күнгө чейин алардын үйлөрүн калыбына келтирип бере электигин жана убада кылынган эч бир финансылык жардам көрсөтүлбөгөнүн айтып нааразы болушкан. Муну минкабдын төрагасы да моюндаган.

Парламенттин 19-октябрдагы отурумунда минкабдын төрагасы Жаңы жылга чейин бардык иштерди аяктоого аракет кылышарын, ал үчүн курулушчулар 2-3 смен менен иштешээрин убадалаган.

Бирок парламенттин 8-декабрдагы отурумунда депутат Жанар Акаев Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө тартылган курулушчулар бул ишке бөлүнгөн каражаттын жадагалса жарымын да албаганын айткан. Мурдараак Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн 6 миллиарддан 8,5 млрд сомго чейин каражат бөлүнгөнү маалымдалган.

Өкмөт башчы депутат Акаевге курулушту Мамлекеттик курулуш департаменти көзөмөлдөп жатканын, калыбына келтирүүгө 1 млрд сом бөлүнгөн деп жооп берген.

«Дагы керек болсо бөлүп берүүгө даярбыз», — деп белгилеген Жапаров.