Жаркыраган оюнчук жана башка кооз буюмдар менен шөкөттөлгөн балаты — бул Жаңы жылдын өзгөрүлбөс атрибуту. Биз өлкөнүн аймактарында орнотулган балатылардын сүрөттөрүн жана аларга канча акча сарпталганы тууралуу маалыматтарды бир жерге топтодук.

Бишкектеги балаты

Өлкөдөгү башкы балатынын бийиктиги — 25 метрди түзөт. Жасалгалоо үчүн 5 миллион сом сарпталган. Мэриянын маалыматына караганда, балатынын оюнчуктары быйыл толугу менен жаңыланып, жети миң оюнчук тагылган. Бул сан өлкөдөгү жарандардын саны жети миллионго жеткенине байланыштуу болгону айтылат. Балатыны жандыруу аземи 16-декабрда өткөн.

Ошондой эле, Бишкек мэриясы Жаңы жыл күнү салют аттырат. Ал үчүн 900 миң сом коротуу пландалып, тендер жарыяланган. Тендердин жыйынтыганда 755 миң сомго салют көргөзмөсү болору кабарланды.

Оштогу балаты

Cүрөт: Ош мэриясы

Быйыл өлкөдөгү эң бийик балаты Ош шаарында коюлган — 29 метр. Бюджеттен борбордук аянтты, балатыны кооздоо үчүн 2 млн 700 миң сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Балатынын оту 20-декабрда жандырылган.

Баткендеги балаты

Сүрөт: Бекболсун Кайыпов/Kloop

Баткен шаарында чек ара жаңжалына байланыштуу майрамдык иш-чараларга бир жылдык чектөө киргизилген. Бирок демөөрчүлөр калаага Жаңы жылдык балаты орнотуп беришкен.

Жалал-Абаддагы балаты

Cүрөт: Жалал-Абад мэриясы

Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына 27 метр болгон балаты орнотулган. Аны жандыруу аземи 19-декабрда өткөн. Аянтты жана балатыны жасалгалоо үчүн шаардык бюджеттен 817 миң сом каралган.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына орнотулган 12,5 метрлик балаты бул жылы да өрттөндү. Калаа мэри бул атайылап жасалган деп божомолдогон. Балатыны сатып алууга жана кооздоого 700 миң сом сарпталган. Аталган шаардын балатысы былтыр да өрттөнгөн болчу.

Нарындагы балаты

Сүрөт: Нарын мэриясы

Нарын шаарындагы балаты үчүн каражат сарпталган жок. 2019-жылы алынган балаты төртүнчү жыл катары менен борбордук аянтка орнотулду. Анын оту 16-декабрда жандырылды.

Таластагы балаты

Сүрөт: Талас мэриясы

Талас шаарындагы бийиктиги 15 метр болгон балаты 22-декабрда жандырылды. Ага бюджеттен 275 миң сом сарпталган.

Караколдогу балаты

Сүрөт: Каракол мэриясы

Ысык-Көл облусунун башкы шаары болгон Каракол шаарына бийиктиги 22 метрди түзгөн балаты орнотулду. Жасалгалоо иштери үчүн 569 миң сом коротулган. Ал эми 31-декабрда шаардыктар үчүн концерттик программа өтөт. Ага өзүнчө 100 миң сом сарпталат.