Баткенде майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө бир жылдык чектөө киргизилди

Баткенде майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө бир жылдык чектөө киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Мындай чечим 14-17-сентябрдагы куралдуу жаңжалда 63 адам курман болуп, 200дөн ашыгы жаракат алганын, үй-жайсыз калган элдин жаңжалдан кийинки абалын эске алуу менен кабыл алынган.

Облустук, райондук, шаардык деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш чараларын өткөрүүгө чектөө 2023-жылдын 31-декабрына күчүндө болот.

Чектөө киргизилген майрамдар:

  • Балаты майрамы;
  • Нооруз майрамы (элдик сейилдөө менен чектелсин);
  • Кесиптик майрамдар;
  • 8-март — Аялдардын Эл аралык тилектештик күнү;
  • Акыркы коңгуроо салтанаттары;
  • 1-июнь — Балдардын Эл аралык күнү;
  • 9-май — Улуу Жеңиш майрамы;
  • 31-август — Эгемендүүлүк күнү;

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга жана аскердик кол салууга» айыптаган. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Жаңжалда кыргызстандын 63 жараны курман болду — анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Ал эми 206 адам ар кандай жаракаттарды алды — алардын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.

Куралдуу жаңжалда 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Жаңжалдын кесепетинен жалпы 661 үй жабыркады.

Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 миллион сом деп бааланган.

Президент Баткендеги үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүү тапшырмасын берген. Учурда тургундардын айрымдары үйлөрүнө кайта элек, калгандары чатырларда жана контейнерлерде күн кечирип жатышат.