Видео: Жалал-Абаддын эки шаарында Жаңы жылдык балатылар өрттөндү

31-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Кара-Көл шаарларында Жаңы жылдык балатылар өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргондогу балаты 31-декабрда эртең мененки саат 05:40 чамаларында күйүп баштаган. Ордуна барган ӨКМдин кызматкерлери балатыны 20 мүнөттүн ичинде өчүрүшкөн.

«Майрамга карата кооздолуп жасалган балатынын 30%ы күйгөндүгү аныкталып, учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө», — деп билдиришти ӨКМден.

Ал эми 1-январга караган түнү Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарындагы балаты өрттөнгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, балатыга фейерверк тийген.

Саат 00:19да кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр тартылып, тилсиз жоо 14 мүнөттө өчүрүлгөн.