Узап бара жаткан жылы президент Садыр Жапаров жана анын минкабы бир катар убадаларды берип, билдирүүлөрдү көп жасады.

Мисалы, декабрда минкабдын телеграм каналында өлкө бюджети соңку эки жылда 200%га өскөнү айтылган видео пайда болгон. Ал эми бул жылы бюджет 314 млрд сомду түзгөнү белгиленген.

Акыркы сандар кайдан алынганы белгисиз, ошол эле учурда Финансы министрлигинин сайтында ушул жылдын январынан ноябрга чейинки гана маалыматтар жарыяланган. Ага ылайык, киреше 262 млрд сомду гана түзгөн. Ал эми минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн фейсбугунда бюджеттин кирешесинин эң акыркы суммасы 273,7 млрд сомду түзөрү божомолдонуп жатканын жазды.

Муну эске алганда, мамлекеттик органдын телеграм каналына жана «Ала-Тоо24» мамлекеттик каналынын You-Tube каналына жарыяланган видео — манипуляция болушу мүмкүн.

«Клооп» бул материалда журналисттердин узап бара жаткан жылдагы фактчектерин бир жерге топтоду.

Калп жана манипуляциялар

2022-жылдын апрелинде Factcheck.kg басылмасы Садыр Жапаровдун «Кабар» мамлекеттик маалыматтык агенттигине берген интервьюсун анализдеп көргөн. Анда фактчекерлер калп жана манипуляцияны аныкташкан.

Мисалы, Жапаров «жыргал жашоого умтулбайм» деп айтканы менен журналисттер ал кымбат баалуу кийимдерди кийип жүргөн көп учурду аныкташкан. Ошондой эле Жапаров маекте «Кыргызстанда ЖМКга эч кандай басым жок» деп айткан, эксперттер болсо өлкөдө сөз эркиндигинин абалы начарлап кеткени тууралуу ар дайым айтып келишет.

Мындан тышкары президент аны «өлкөнүн 80% калкы колдой турганын» айткан. Жапаров бул сандын булагын айткан эмес. Бирок Эл аралык республикалык институттун рейтингине ылайык, президентке болгон ишеним айдан-айга 35% деңгээлде термелип турат. Бирок чынында ал өлкөдөгү эң популярдуу саясатчы бойдон калууда.

Жок мектептер

Ошол эле маекте Садыр Жапаров бир жарым жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен Кыргызстанда 68 мектеп курулганын билдирген.

«Клооп» жана «Дата мектеп» Жапаровдун айткандарын текшерип, президент аталган аралыкта курулган мектептердин санын жымсалдап айтканда көбөйтүп койгонун аныктаган.

Мамлекеттик курулуш агенттиги «Клооптун» сурамына берген жообунда, Жапаров айткан убакыт аралыгында — 2020-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын апрелине чейин «курулган» 68 мектептин тизмесин берген.

Бирок, Мамкурулуш берген тизмедеги 18 объект — жаңы мектеп имараттары эмес. Алардын 10у — бул пайдалануудагы мектептерге жанаша курулган кошумча корпустар, жетөө — иштеп эле аткан окуу жайлардагы жаңы спортзалдар. «Жаңы мектептердин» тизмесине бир откана дагы кирип калган.

Мындан тышкары, 68 объекттин баары эле республикалык бюджеттин эсебинен курулган эмес. Алардын 12си Саудия өнүктүрүү фондунун акчасына, алтоо — коррупцияга каршы күрөштөн бирдиктүү депозиттик эсепке түшүп турган каражаттын эсебинен курулган.

Ошондой эле «Клооптун» кабарчысы тизмедеги мектептердин бир нечесине барып келип, «кагазда» курулду деген имараттардын айрымдары бүгүнкү күнгө чейин бүтпөгөнүн, жада калса 2022-2023-окуу жылынын башына да эксплуатацияга берилбегенин аныктаган.

Алтын кимге сатылган?

2022-жылдын августунда өлкөдө 19 тоннадан ашык алтын «белгисиз өлкөгө» сатылганы боюнча чуу көтөрүлгөн. Анткени бийлик 19 тонна алтынды сатып алган сатып алуучу тууралуу маалыматты жашырган болчу.

Өз кезегинде Садыр Жапаров «Кабар» мамагенттигине курган маегинде алтын сатылган өлкө тууралуу маалымат коопсуздук максатында жашырылган деп билдирген. Бирок кийинчерээк «кардарлар» ал саясатты карманбай турганы аныкталган.

Чоң келишим 2021-жылдын жазында эле түзүлгөнү белгилүү болгон. Ал эми соцтармактын колдонуучулары сатып алган өлкөнү бат эле табышкан — ал Швейцария болуп чыккан.

«Клооп» Швейцария Кыргызстандан 1 млрд доллардан ашуун суммага алтын сатып алганы тууралуу маалыматтын тастыктамасын тапкан.

Швейцариянын Федералдык бажы жана чек ара коопсуздугу, тышкы соода башкармалыгынын маалыматтык базасына ылайык, бул өлкө 2021-жылдын апрелинде Кыргызстандан баасы 1,1 млрд доллар турган 20 тонна алтын сатып алганы көрсөтүлгөн.

Президент коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн кирешени эки эсе көбүртүп-жабырткан

2022-жылдын ноябрында өткөн «Элдик Курултайда» президент өзүнүн болуп көрбөгөндөй жетишкендиктери жана пландары тууралуу айткан. Анын айрым билдирүүлөрү калп болуп чыккан — мисалы, коррупция менен күрөшүүдөн мамлекет чогулткан каражаттын суммасы.

Садыр Жапаров андан мамлекет 15 млрд сомдон ашык каражат чогулганын билдирген. Президент аталган билдирүүсүндө так сумманы билбесин, бирок «тоголоктоп» айтканын белгилеген. Кийинчерээк анын «тоголоктоп» айтканы эки эсе ашырылганы аныкталган.

Ноябрдын аягында Борбордук казыналыктын директорунун орун басары Талант Келдибеков 2020-жылдан тартып коррупцияга каршы күрөштөн республикалык бюджетке 7,8 млрд сом түшкөнүн билдирген. Анын ичинен 2 млрд 719 млн сому — 2020-жылы, 1 млрд 915 млн сому — 2021-жылы жана 3 млрд 231 млн сому 2022-жылдын 10 айында которулган.

Канча алтын өндүрүлгөн?

Ошондой эле президент Курултайда өлкөдө алтын өндүрүү болуп көрбөгөндөй өскөнү тууралуу жаңылык менен делегаттарды таң калтырган.

«Мына бүгүн мен мактаныч менен айтсам болот, бир жылдын ичинде 37,8 тонна алтыныбыз чогулуп, Улуттук банктын сактоосунда турат. 40 тоннага жакын алтын бир жылда. Кыргызстандын тарыхында 40 тонна алтын чогулган эмес да», — деп айткан Жапаров.

Президент бул жерде да аша чаап кеткендей. Мисалы «Кумтөр Голд Компанинин» 2-ноябрда жарыялаган отчётунда өлкөдөгү эң ири делген ушундай эле аталыштагы кенде 2022-жылдын башынан бери 12 тоннадан бир аз көбүрөөк алтын өндүрүлгөнү айтылат. Ошондо да бул мурдараак казылып алынган рудалардын запастарын кайра иштетүүнү эске алганда.

Кийинчерээк Улуттук банк маалымат жыйын өткөрүп, анда 37,8 тонна алтын бар экенин тастыкташкан, бирок бул кайсы аралыкта сатылып алынганы айтылган эмес.