Кадамжай: Бир үй-бүлөдөн алты адам иске ууланып каза тапты

Иллюстративдик сүрөт.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылында электр мешинен чыккан иске ууланып, бир үй-бүлөдөн алты киши каза тапты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 30-декабрга караган түнү катталган. Үйдү жылытуучу эки мештен өрт чыгып, үйдөгү буюмдар күйгөн. Андан түтүн чыгып, бир үйдүн атасы, апасы жана үч баласы мерт кеткен. Дагы бир бала алардын тууганы болгон.

Учурда милиция окуяны каттоого алып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Өлкөдө дээрлик жыл сайын тургундар иске ууланып каза болгон окуялар катталып турат. Өткөн жылдын февраль айында Ноокатта жубайлар небереси менен кошо истен каза тапткан. Ал эми 2021-жылдын апрелинде Сузакта аял үч баласы менен иске ууланып мерт кеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ала-Бука районунда үч киши иске ууланып каза болду

Сузакта аял үч баласы менен иске ууланып каза болду. Арасында эгиздер да бар

Ноокатта үч адам иске ууланып каза болду, алардын бири 9 жаштагы бала