Ала-Бука районунда үч киши иске ууланып каза болду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда үч киши иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматына ылайык, маркумдар райондогу Кош-Терек айылындагы сабиз сактоочу кампада иске ууланган. Кырсык болгон жерге Ала-Бука райондук №73 ӨКБдан беш куткаруучу тартылды.

Учурда каза болгондордун аты-жөнү, иске уулануу себептери такталып жатканы кабарланды. ӨКМ кийинчерээк кошумча маалымат берерин белгиледи.

Буга чейин 21-февралга караган түнү Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Бел айылынын эки тургуну жана алардын 9 жаштагы небереси иске ууланып каза болгон.

Маалыматка ылайык, 63 жана 62 жаштагы жубайлар өз үйүндөгү жертөлөдө жайгашкан от жагуучу бөлмөдө уктап жаткан жеринде көмүр газына ууланышкан.

Тема боюнча:

Сузакта үч жаш бала иске ууланып чарчап калды. Балдардын энеси оор абалда

Сузакта аял үч баласы менен иске ууланып каза болду. Арасында эгиздер да бар